super.kg logo

Армениянын мурдагы президенти Роберт Кочарян камакка алынды

 
2008-жылы 1-мартта башталган нааразычылык акциясы

Армениянын мурдагы президенти, өлкөнү 1998-2008-жылдары башкарып турган Роберт Кочарян камакка алынды.

Маалыматка ылайык, кечээ, 27-июлда сот мурдагы өлкө башчыны 2008-жылы 1-мартта нааразычылык акциясына чыккандарга карата күч колдонгондугу тууралуу иш боюнча камакка алуу чечимин чыгарган.

Айта кетсек, 26-июлда атайын иликтөө кызматы Роберт Кочарянга конституциялык түзүлүштү бузган деп айыптап, соттон аны камакка алууну суранган. Армениянын конституциясына ылайык, президент иштеп жаткан учурда жана мөөнөтү бүткөн учурда кызмат абалында кылган иш-аракети үчүн жоопко тартылбайт. 10 жыл мурдагы окуя боюнча экс-президенттен тышкары ошол учурда коргоо министри болуп турган Микаел Арутюнян демонстранттарга ок чыгарууга тиешеси бар деп айыпталып, ага издөө жарыяланган.

Маалымат үчүн: 2008-жылдын 1-март күнү президенттик шайлоонун жыйынтыгына каршы миңдеген митингчилердин катышуусунда нааразычылык акциясы болуп өткөн. Анда күч органдары менен демонстранттардын ортосунда кагылышуу орун алып, 5 адам каза болуп, 200дөн ашуун киши жаракат алган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
28.07.2018. 18:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Армения 5 адамы олду деп экс президентин камап жатат а биздечи 86 адам олду баарын озубуз жардам берип качырып анан сыртынан омур бою кесип аны да мактанып жатабыз.
28.07.2018. 18:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
АШАны камашса жакшы болмок биздикилерда
28.07.2018. 18:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
АШАны темир торго олтургузуу үчүн Текебаев премьер-министр болуш керек. Ал конституциянын тилин жана АШАнын былыктарын мыкты билген саясатчы катары камаса ушул Текебаевдин гана колунан келет)
28.07.2018. 19:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Мына ушинтсе болот экен го?! Тегеле биздин АШАнын кол тийбестиги тойгозот да.
29.07.2018. 02:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
АША ны кою бакиевти каматып алгылачы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: