super.kg logo

"Мен Данияр Үсөновду 2013-жылы Малайзияда каза болгон деп уккам". Бакиевдин заманында өкмөт башчы болуп турган Данияр Үсөнов кантип Даниил Урицкийге айланып калды?

 

Кечээ, 27-июль күнү Беларустун жалпыга маалымдоо каражаттары Кыргыз өлкөсүнүн мурдагы премьер-министри, издөөдө жүргөн Данияр Үсөнов тууралуу маалымат жана анын сүрөтүн жарыялаган. Анын учурда "Беларусь улуттук биотехнология корпорациясы" ЖАКсын жетектей тургандыгы, Данияр Үсөнов өзүн Даниил Урицкий деп тааныштыргандыгы кызуу талкууга түшүп жатат.

Жогорудагы маалыматка улай, Беларустун "naviny.by" маалымат порталы Урицкийден комментарий алганын билдирген. "Сиз чындап эле Кыргыз өлкөсүнүн мурдагы өкмөт башчысы болосузбу?" деген суроого ал "Кыргыздардан сурап алгыла" деп жооп берген. Башка суроолорго жооп берүүдөн Данияр Токтогулович Үсөнов-Даниил Тимурович Урицкий баш тарткан. Бирок ал журналисттерге Даниил Урицкий деген аты-жөнү жазылган Беларустун паспортун көрсөткөн. "Демек, сизди Данияр Үсөнов деп жаткандардын маалыматын анда четке кагасызбы?" деген суроого жоопту так айткан эмес. Бирок артынан эле "Мен Кыргыз Республикасынын премьер-министри болгон Данияр Үсөновду 2013-жылы Малайзияда каза болгон деп уккам" деген Даниил Урицкий.

Өзүн Даниил Урицкий деп тааныштырып баштаган Данияр Үсөнов.
2018-жылдын 27-июль күнү тартылган сүрөт. Фото: naviny.by


Данияр Үсөнов
2009-жылдын 21-декабрынан 2010-жылдын 7-апрелине чейин Кыргыз мамлекетинин премьер-министри болуп турган. Ал бул кызматта турганда жылуулук жана электр энергиясынын тарифи жогорулаган. Апрель окуясынан кийин чет жакка чыгып кеткен. 2014-жылы Апрель окуясы боюнча "Ала-Тоо" аянтындагы элди атууга катыштыгы бар деп Үсөнов сыртынан өмүр бою эркинен ажыратылсын деген өкүм сот тарабынан чыккан.


Анын жубайы Динара Исаева Жогорку Кеңештин 5-чакырылышына "Ата Журт" партиясынын тизмеси менен депутат болуп шайланган. Учурда "Республика-Ата Журт" фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты. Айрым маалыматтарга караганда, Динара Исаеванын Данияр Үсөнов менен ажырашып кеткендиги айтылат.


кошулду





Даниил Урицкий заводдор комплексинин ачылышында

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(22)
28.07.2018. 19:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Шумдугуң кургур заман эй...
28.07.2018. 20:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Аялы акча которуп турса милионер болуп журо берет да,ажыраштык деп коюп)) элдин убалы барго коркпойсунарбы...?
28.07.2018. 20:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Ушундай адамдардын айынан биздин олко жакыр мамлекеттердин тизмесине кирип отурат!
28.07.2018. 20:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Уйруский деп койгонунда топ кеишмек экен.
28.07.2018. 20:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Электр энергияга болгон тариф ал кеткенден кийин деле кымбаттадыго.
29.07.2018. 11:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Alixan-Nookat.2015,азыр ал иштеп жаткан убактагыдан кымбат. Ал убакта мекткптерде акча чогултулбайт эле китептерге деп. А азыр аша келгенден бери пайда болду кайра
28.07.2018. 20:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Эмне деген заман , өзүн өзү өлдү деп.
28.07.2018. 22:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Озунун козунчо озуно куран багыштап окуп койсо кана!
Тируу жургон кишиге куран окуса, каргыштанда жаман деп уккам?!
28.07.2018. 22:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Мамлекеттин алсыздыгы,эгер кучтуу болсо Бакиев,Усоновдун бут урук туугандарынын байлыгын арест кылып салса болот эле/Эмне Данияр Усоновдун аялы ушул даража,денгээлге озу жетиптирбиии????
Не болсо дагы куйоосунун салымы бар да,ошон учун депутаттыктан кетирип,бут мулкторун арестке алыш керек менин оюум
28.07.2018. 22:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Бийликтегилердин бети бетон болуп буткон
29.07.2018. 00:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
60 тыйын телефонго кетип свет 1 сомго кымбаттаганы үчүн бийлик кетип 90го жакын адамдын жаны кыйылды. Азыр андан хуже кымбаттап жатат. Алар жакшыраак иштеген окшойт
29.07.2018. 03:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Свет кымбаттады тияк бияк деп тантырап жатышты эле эмне болду кийин? Жыргап кеттиби? Тышты карыз 2,3 эсе өсүп, бийлике жетүү үчүн Ош окуясын баштап, элди курмандыка чаап))) Мамлекет жок болойун деп калды, дагы уялбай ээкономика өнүгүп баратат дешет уяты жоктор.... Адахан Мадумаров бийлике келмейин эч качан өнүгүү болбойт!
29.07.2018. 11:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Даана акмак кишиго. Сен Данияр Усоновду кайдан тааныйсын Даниил Урицкий, Малайзияда олгон деп уккам деп коет. Аты жонунду озгортуп койсом болду деп атасынбы? Эркектей эле болбойсунбу жашырынбай. Жакында баары ортого чыгып абийрин тогулот.
29.07.2018. 11:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кыргыздардан сурап алгыла дегенине караганда мен ошолмун Кыргыздар таанышат дегенида.
29.07.2018. 12:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Азыркылар эмне жыргатышып жатышабы?Эмне свет кымбаттаган жокпу?! Даже таза сууну сатып жатышатко!Бакиев жаман болсода ал убакта тышкы карызды азайткан башкасын айтпай эле койойун!Андан кийинкиси тышкы карызды төбө чачты тик тургуза турган кылып кеттиго!
29.07.2018. 13:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ал кезде жакшыле иштешкен болгону президент ХХХХХ деген отто онугуп кеткен болчу кее бир адам соройлордун кызыкчылыгына.
Модератор admin_portal түзөттү 2018-07-30 08:50:34
29.07.2018. 14:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул кишинин самолёттору кайда азыр?Ким билет?Же ала кеткенби озу менен кошо?
29.07.2018. 17:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аа барысы бир гор булардын таза коом озу жок
29.07.2018. 19:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0

Эх заман, заман кайда эле баратабыз өзу.
29.07.2018. 22:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Оз элинен куулуп, туулган жеринин топурагына зар болуп жашагандан откон кордук жок болуш керек. Уурдап жеген оокатынар кантип аш болуп жатат. Элдин ырыскысын уурдап качкандан коро, олуп алса ошол женил болчу. Сендей саткындарга кудайдын каргышы болсун!
30.07.2018. 11:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Неме тукум жумурткага олло окшош экенго бул жагы а?
30.07.2018. 12:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ай бети жоок кантип Кудайды тик каратып жалган суйлойт, айдан ачык эле корунуп турбайбы Данияр Усенов экени болгону чачы бир аз агарыптыр бир аз карый тушуптур, эмне учун Жогору жактагылар унчукпай отурат? Же эмне ошончолук ушундай шылуундарга кучу жетпеген аласызбы Кыргыз? Менмин деген букадай депутаттар креслодо эмнени карап отурат? Ушундай жегичтерди Элдин алдына алып чыгып ащкере кылып жок кылам деп чындыкты чыркыраткан Улан Эгизбаев кете берди мынтип Эли учун куйуп,Арман Дуйно!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: