super.kg logo

Швейцариялык 20 жаштагы миллиардер социалдык тармак аркылуу түгөй издейт

 

Швейцариялык 20 жаштагы миллиардер социалдык тармак аркылуу түгөй издейт. Бул тууралуу батыш маалымат булактары жазып чыкты.

Белгилүү болгондой, миллиардер Эммануэль Фреденрич буга чейин атайын таанышуу сайттарынан, тиркемелерден кыздар менен таанышкан. Бирок жаш миллиардер олуттуу мамиле кургусу келген кыздарды жолуктура алган эмес. Мындан улам Эммануэль Фреденрич интернет желесиндеги популярдуу баракчаларга түгөйүн издөө максатында жарыя жайгаштырган. Ал кыздардын жашы 18ден 22 жашка чейин, Нью-Йорктогу Манхэттенде жашаган, массалык маалымдоо каражаттарында же жарнама адистиги боюнча иштеген, спорт менен алектенген, саякаттаганды жакшы көрүшү керек деген талаптарды койгон. Бул билдирүүнү жайгаштыргандан кийин жарым саат аралыгында Эммануэлдин дарегине 500дөн ашуун кат келген.

Айта кетсек, өзүн миллиардер деп тааныштырган Эммануэль Фреденрич америкалык "Forbes" журналындагы миллиардерлердин тизмегинде жок. Анын социалдык тармактагы баракчасында ал каржы жана маркетинг менен алектенери жазылган.









 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(2)
30.07.2018. 13:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Миллиардер экен деп,суйунучу койнуна батпай,сразу интернеттен таанышып,жолуккандан кийин миллиардер эмес экенин билген,бечара кыздардын акыбалы кандай болду экен а
monster_high_98 түзөттү 2018-07-30 13:29:17
30.07.2018. 20:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Миллиардер болбосо деле внешность топчик экен. Илибой кыз ээрчий турган. Келбети, бою баары сопсонун.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: