super.kg logo

Грузияда марихуананы пайдаланууга уруксат берилди

 

Грузиянын Конституциялык соту өлкө аймагында марихуананы пайдаланууга уруксат берди. Аталган чечим 30-июлда кабыл алынганын чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, буга чейин оппозициялык партиянын лидерлери марихуананы колдонууга карата коюлган чектөөлөрдү алып салуу боюнча сотко доо арыз менен кайрылган. Алар аталган чектөөлөр адамдын эркин өнүгүшүнө тоскоолдук кылат деген жүйө келтиришкен. Сотко доо арыз менен кайрылгандар "биз марихуана үчүн эмес, эркиндик үчүн ушундай кадамга бардык" деп баса белгилешкен. "Соттун чечимине ылайык, марихуананы 5-10 граммга чейин гана сактаса болот. Ири өлчөмдө сатып алууга тыюу салынды. Аталган талапты бузгандарга 14 миң сом өлчөмүндө административдик айып салынат. Марихуананы ири өлчөмдө сактаган учур катталса, кылмыш иши козголот", - деп жазылат маалыматта.

Расмий маалыматтар боюнча, Грузияда 10 миң жарандын 29у баңгизат колдонот. Анын ичинен 64 пайызы марихуана баңгизатын пайдаланат.

Айта кетсек, марихуананы пайдаланууга Чехия, Голландия, Бельгия, Улуу Британия, Швейцария, Австралия, АКШ жана Канада өлкөлөрү жарым жартылай жана толук түрдө уруксат берген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(1)
31.07.2018. 15:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
бизде дагы жакында уруксат берет булардан коруп....ана кордуун балдарыбызга эле зыян
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: