super.kg logo
  Спорт  

Борбордук Азия футбол ассоциациясынын жаштар арасындагы мелдешинде Кыргыз курама командасы 5-орунду ээлеп калды

 
Өзбекстандын Ташкент шаарында өткөн Борбордук Азия футбол ассоциациясынын мелдешинде жаштар арасындагы (U-15) Кыргыз курама командасы 5-орунду ээледи. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргыз Республикасынын футбол федерациясынан билдирди.
Аталган мелдеште 6 өлкөнүн 15 жашка чейинки курама командалары катышып, анда Ооганстан, Иран, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан жана Кыргыз Республикасынын футболчулары күч сынашты. Мелдештин жыйынтыгында Кыргыз курамасынын машыктыруучусу Нурлан Букуевдин шакирттери 1 жолу гана жеңишке жетип 3 упай менен 5-орунду ээлеп калды.
Мелдештин жеңүүчүсү Иран курама командасы болсо, күмүш медалды Өзбекстан курамасы, ал эми коло медалды Тажикстан курамасы тагынды.
Ошондой эле Кыргыз курама командасынын капитаны Ырыскелди Тыныбеков “Fair play” аттуу жеке сыйлыгына ээ болду.
Мелдештеги Кыргыз курама командасынын жыйынтыгы:

1-тур, Иран-Кыргыз Республикасы — 2:0;

2-тур, Ооганстан-Кыргыз Республикасы — 2:1;

3-тур, Кыргыз Республикасы- Өзбекстан — 0:2;

4-тур, Кыргыз Республикасы-Тажикстан — 0:2;

5-тур, Түркмөнстан-Кыргыз Республикасы — 0:4.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
31.07.2018. 13:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Биздин 15 жаштагылар аябай кичинекей корунот экен,башка мамлекеттердики доо!мейли эми ,акыркы болбогонунарга шугур
31.07.2018. 13:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Агаларын коргон да.бирок силерде келечек бар алтындарым
31.07.2018. 13:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Футбол ойнобой эле койгулачы Тажикстандан женилсенер уят эле.
31.07.2018. 14:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул олколордун экономикалык маселелерин дагы корсотуп турат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: