super.kg logo
  Саясат  

Бишкек мэрлигине талапкер Азиз Суракматов кыргыз тили сынагынан өттү

 

Бишкек шаарынын мэрлигине талапкер Азиз Суракматов кыргыз тилинен сынак тапшырууда.

Маалыматка ылайык, тил сынагын тапшырган талапкер 2 шартты аткарууга тийиш. Биринчиси, өз программасын кыргыз тилинде жазып, аны окуп берет. Экинчиси билет түрүндө жашырылган конверттеги чыгармадан үзүндү окуп, аны айтып берет.

Айта кетсек, учурда Бишкек мэрлигине талапкер катары шаардык кеңештин көпчүлүк коалициясы көрсөткөн Азиз Суракматов гана арызын тапшырган.

14:15. Суракматов учурда өзүнүн программасын кыргыз тилинде кагазга түшүрүп жатат. Бул тапшырмага 10 мүнөт убакыт берилди.

14:28. Суракматов өзүнүн программасын кыргыз тилинде кагазга түшүрүп бүттү.

14:29. Ал өзүнүн өмүр баянын айтып берүүдө. "1971-жылы 22-ноябрда Бишкек шаарында төрөлгөм. 2008-2010-жылдары - Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы болгом. 2010-жылы Жогорку Кеңешке депутат болуп шайлангам. Учурда жеке ишкерлик менен алектенем", - деди ал.

14:32. Жазган программасы комиссия мүчөлөрүнө көчүрүлүп таратылды, алар текшерип жатышат. Суракматовдун кагазга түшүргөн программасы 2 барак болду.

14:34. Талапкер өзүнүн программасын оозеки айтып берип жатат. Ал жол, транспорт көйгөйлөрүн чечүү тууралуу пикирин айтууда. "Жолдорду оңдоо, автобус, троллейбустарды көбөйтүү, жашылдандыруу, жарыктандыруу маселелерине көңүл буруу керек", - деди Суракматов.

14:44. Суракматов жазуучу Чыңгыз Айтматовдун "Саманчынын жолу" повестиндеги "Майсалбектин катын" окуп берүүдө.

14:51. Комиссия мүчөлөрү Суракматовдун тапшырган сынагы боюнча корутунду чыгарууда.

14:52. Азиз Суракматов мамлекеттик тил сынагынан өттү.

14:54. Ал журналисттердин суроолоруна жооп берүүдө. "Менин талапкерлигимди көпчүлүк коалиция көрсөттү. Шаардык кеңештин КСДП фракциясы сунуштаган. Шаардык кеңеш Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов менен менин талапкерлигим боюнча кеңешкенин билбейт экенмин", - деди ал.


кошулду





Бишкек мэрлигине талапкер Азиз Суракматов кыргыз тил сынагынан өттү

Автор: Мухамадзиямидин Турдубек уулу
Оператор: Мухамадзиямидин Турдубек уулу
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -5 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: