super.kg logo
  Спорт  

Кыргыз спортчулары тогуз коргоол боюнча Азия чемпиондугунда 15 медаль тагынышты

 

Монголияда өткөн тогуз коргоол боюнча Азия чемпиондугунда Кыргыз спортчулары 15 медаль жеңип алышты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына тогуз коргоол боюнча башкы машыктыруучу Нурия Султанмуратова билдирди.

Анын айтымында, Монголиянын Баян-Улгий шаарында орун алган мелдеште 6 өлкөдөн келген 180ден ашуун спортчу 18 медалдар топтому үчүн күч сынашты. Спортчулар тогуз коргоолдун Стандарт, Блиц, Рапид түрлөрү боюнча щвейцариялык систем менен 7 тур ойноп, жеңүүчүлөрдү аныкташты.
Мелдештин жыйынтыгында Кыргыз спортчулары жалпы 15 медаль жеңип алып, алардын 4ү алтын, 4ү күмүш жана 7си коло медалдар болду.

Жеңүүчүлөрдүн тизмеси:
Эркектер арасындагы тогуз коргоолдун Стандарт түрүндөгү жеңүүчүлөрү:

1-орун: Анарбек Жамакеев (Кыргыз Республикасы);
2-орун: Бексултан Бостандыков (Казакстан);
3-орун: Белек Абдрашитов (Кыргыз Республикасы) жана Рысбек Жасулан (Монголия).

Кыз-келиндер арасындагы тогуз коргоолдун Стандарт түрүндөгү жеңүүчүлөрү:

1-орун: Асел Далиева (Казакстан);
2-орун: Аида Керимбекова (Кыргыз Республикасы);
3-орун: Жаңыл Егембердиева (Кыргыз Республикасы).

Эркектер арасындагы тогуз коргоолдун Блиц түрүндөгү жеңүүчүлөрү:

1-орун: Галымжан Темирбаев (Казакстан);
2-орун: Анарбек Жамакеев (Кыргыз Республикасы);
3-орун: Максат Шотай (Казакстан).

Кыз-келиндер арасындагы тогуз коргоолдун Блиц түрүндөгү жеңүүчүлөрү:

1-орун: Диана Кенина ( Казакстан);
2-орун: Алтынай Шамбетова (Кыргыз Республикасы);
3-орун: Айтурган Максатбек кызы (Кыргыз Республикасы).

19 жашка чейинки эркектер арасындагы тогуз коргоолдун Стандарт түрүндөгү жеңүүчүлөрү:

1-орун: Бексултан Нишанбаев (Кыргыз Республикасы);
2-орун: Сырттан Сыргак уулу (Кыргыз Республикасы);
3-орун: Райан Ибрай (Казакстан).

19 жашка чейинки кыз-келиндер арасындагы тогуз коргоолдун Стандарт түрүндөгү жеңүүчүлөрү:
1-орун: Айдана Искенова (Кыргыз Республикасы);
2-орун: Аруужан Саламан (Казакстан);
3-орун: Гүлнара Базаралиева (Казакстан).

19 жашка чейинки эркектер арасындагы тогуз коргоолдун Блиц түрүндөгү жеңүүчүлөрү:

1-орун: Дамир Ахметов (Казакстан);
2-орун: Асет Кайыржанов (Казакстан);
3-орун: Марлис Дуулатбеков (Кыргыз Республикасы).

19 жашка чейинки кыз-келиндер арасындагы тогуз коргоолдун Блиц түрүндөгү жеңүүчүлөрү:

1-орун: Акерке Кенжебекова (Казакстан);
2-орун: Гүлжанат Алдабергенова (Казакстан);
3-орун: Гүлзат Эсеналиева (Кыргыз Республикасы);

14 жашка чейинки эркектер арасындагы тогуз коргоолдун Стандарт түрүндөгү жеңүүчүлөрү:

1-орун: Алмас Тилегенов (Казакстан);
2-орун: Данияр Онгар (Казакстан);
3-орун: Миран Сманов (Кыргыз Республикасы);

14 жашка чейинки кыз-келиндер арасындагы тогуз коргоолдун Стандарт түрүндөгү жеңүүчүлөрү:

1-орун: Амир Бекзат (Казакстан);
2-орун: Акбота Намаз (Казакстан);
3-орун: Айдана Рыскулова (Кыргыз Республикасы).

14 жашка чейинки кыз-келиндер арасындагы тогуз коргоолдун Блиц түрүндөгү жеңүүчүлөрү:

1-орун: Адина Белек кызы (Кыргыз Республикасы);
2-орун: Акбота Намаз (Казакстан);
3-орун Асем Дауренбек кызы (Казакстан).






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: