super.kg logo
  Спорт  

Кулатуу эр таймаш федерациясынын президенти Руслан Кыдырмышев: "Тилек Жээнбеков дүйнөдөгү 5 миң мушкердин арасында 133-орунда болсо, Азиядагы эң мыкты мушкер"

 

Кыргыз мушкери Тилек Жээнбеков эрежесиз уруш боюнча дүйнөлүк рейтингде 5 миң мушкердин арасында 133-орунду ээлейт. Бул тууралуу маалымат жыйында Бүткүл дүйнөлүк кулатуу эр таймаш федерациясынын президенти Руслан Кыдырмышев билдирди.

Анын айтымында, эрежесиз уруш боюнча "Аngels Fighting" жана "WEF" уюмунун чемпиону Тилек Жээнбеков Орто Азиядагы эң мыкты мушкер.

"Азыркы тапта Тилек Жээнбеков Орто Азиядагы оор салмак ченинде эң мыкты мушкер болуп эсептелет. Бул чоң жетишкендик. Анткени Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан жана башка өлкөлөрдө күчтүү мушкерлер көп. Ошондой эле дүйнөдө оор салмак ченинде мушташкан 5 миңден ашуун мушкер бар болсо, Тилек Жээнбеков алардын арасында 133-орунду ээлейт. Бул абдан жакшы көрсөткүч деп ойлойм. Биздин план боюнча, ал 1 жылдын ичинде дүйнөнүн 50 мыкты мушкеринин тизмесине кирет. Бул көрсөткүчкө жетсек UFC'ге түз жолдомо ала алабыз. Тилек Жээнбековдун дүйнөлүк рейтингдеги көрсөткүчтөрү жогорулап турса, ал эң беделдүү оюндарда күчүн сынай алат", - дейт Кыдырмышев.

Айта кетсек, Тилек Жээнбеков жакында эле Түштүк Кореяда өткөн "Аngels Fighting" уюмунун оор салмак ченинде чемпиону болду. Ал буга чейин WEF'тин чемпиондук курун тагынган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 7 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: