super.kg logo

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземиндеги театрлаштырылган шоу 1 миң 500 артисттин катышуусунда өтөрү күтүлүүдө

 

Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарындагы ат майданында III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземиндеги театрлаштырылган шоу 1 миң 500 артисттин катышуусунда өтөрү күтүлүүдө. Бул тууралуу иш-чаранын тең режиссёр-коюучусу Виктор Фельд билдирди.

"Театрлаштырылган көрсөтүүдө жаңы технологиялар колдонулуп, шоу уникалдуу болот. 9 эпизодду көрсөтүүдө 70 сүрөт менен көчмөндөр философиясы ачылат. Театрлаштырылган көрсөтүү "Манас" эпосу жана залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы менен байланышкан. Шоуго цирктин, драма театрдын, балеттин өнөрпоздору, каскадёрлор жана музыканттар катышып, бардык талаа мейкиндиктерин, ал тургай жөө жүргүнчүлөр өтө турган жолдорду да колдонушат. Бул жылы көркөм театрлаштырууда жарыктар көп колдонулат. Коноктор чыныгы театрда жүргөндөй сезимде калышы үчүн ат майдан талаасын өнөр секисине айландырабыз. Бизде лазердик шоу дагы коюлат", - деп баса белгиледи Виктор Фельд.
Мындан сырткары ал ар кандай көрсөтүүлөргө 3 деңгээлдеги сахна колдонулат. Шоунун бирден бир кооздугу чоң ансамблдин музыканттары болот. Чоң масштабдагы салтанатка атайын көчмөндөр оюмдары түшүрүлгөн, көчмөндөрдүн руху чагылдырылган кийимдер тиктирилүүдө. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында ар элдин парады жана катышуучу өлкөлөрдүн чыгармачыл жамаатынын көрсөтүүлөрү коюларын кошумчалады.

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын маданий программасы 3-сентябрдан 6-сентябрга чейин "Кырчын" этношаарчасында өтөт. Көрүүчүлөр "Көчмөндөрдүн алтын доору" жана башка улуттук салтуу ырларына, бийине, көчмөндөрдүн жашоосуна, улуттук оюндарына, элдик кол өнөрчүлөр жарманкесине, улуттук тамак-аштарга, көчмөн элдин кийимдер көргөзмөсүнө күбө болуп, улуттук каада-салттар жөнүндө айтуучулар, чыгармачылык жана искусство менен тааныша (сүрөт, чийүү, айкелчилик) алышат.
Ошондой эле иш-чаранын коноктору үчүн дүйнө элинин эпостору, кыска убакытта кыргыз боз үйүн тыкан тигүү жана жыйноо мелдештери уюштурулат. Жооптуу режиссёр Талант Апыев: "Көчмөндөрдүн алтын кылымы" биздин замандын IX, X кылымдарын камтыган кыргыз тарыхын чагылдырат. "Көчмөндөрдүн алтын кылымы" программасында биздин элдин ошол мезгилдеги улуу маданияты, жашоосу, каада-салты, конок тосуусу, аскердик жүрүштөрү чагылдырылат. Ошол мезгилдин турмушун чагылдырууга 1200 адам тартылды. Анын ичинен 100гө жакынын актёр, актрисалар жана каскадёрлор түзөт. Алар башкы ролдорду аткарышса, калгандары сахнадагы көпчүлүктү түзүүчүлөр", - деп билдирди.
Учурда аталган иш-чарага кеңири даярдык Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын манежинде өтүп жатат. 27-августта "Кырчын" этношаарчасында башкы даярдык жүрөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -3 
Комментарийлер(16)
02.08.2018. 13:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кийинки Кочмондор оюнду Туркторго Бергилее??? Соке сага айтам???
02.08.2018. 14:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Talant_27,Айтпасан деле аны түрктөргө бериүү маселеси каралып жатат. Соке деп тартипсиздигинди корсотпо. Атаңа да ошентип кайрылат окшойсун
02.08.2018. 14:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Көчмөндор оюнун өткөрүү - кыргыздын жүзү, ансыз деле уурулар он ирет көчмөндор оюнун өткөрө турган каражатты уурдап алышпадыбы
02.08.2018. 18:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Natun, ошол уурулар кочмондор оюнун откоруу шылтоосу менен акча уурдап жатат...

Эми акча уурдап жатканы учун мактайлыбы?!!
02.08.2018. 14:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жарыкты аяабай эле кобурок колдонгулачы а то мурдагысында кунуурт болуп жакшы болгон эмес .
02.08.2018. 21:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
TalaCSKA,туура телевизордон коргондорго комуз черткендер корунбой эле оюм-чийим болгон кызыл-жашыл жарыктар эле коруно берген.
02.08.2018. 14:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Соке акырында жыйынтыктап жатканда. Ушуну менен кочмондор оюнубуз аяктады деп коюнуз
02.08.2018. 18:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бул иш-чара ХХХ!! Уурулук!!! Элдин мулкуно кол салуу!!! Элдин коз жашы, бешене тери менен куралган акчаны талаага чачуу!!!

Тигинде онкологиялык оорукананы курууга акча жок курулуп бутпой турат. Эл мектеп, бала-бакчага зар. Соке болсо тойлойт имиш!!!

ххх ХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2018-08-02 18:16:53
02.08.2018. 18:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Буга чейин жон эле отуп келди эле Эми яачылып калдыбы ХХХ ХХХ Атамбаев турганда эч Ким айтпады андай создорду
Модератор admin_media түзөттү 2018-08-03 10:07:26
02.08.2018. 18:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Көчмөндөр оюнуна кетчү каражатты эмне силердин чөнтөгүңөрдөн алып жатабы? Ичинер күйсө туз жалагыла
02.08.2018. 18:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Natun, биздин чонтоктон чыкпаганда, ХХХ ХХХХ
Бул акчалар балдарын талаага тентиткен жакыр элдин коз жашы, мандай теринен куралган казынадагы акча эмей кайсы?!!
Модератор admin_media түзөттү 2018-08-03 10:08:00
02.08.2018. 19:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
кочмондор оюнун откоруу кыргыздар учун гана пайда алып келет. Келечекти коро билсек. келечекте млндогон доллар менен кайтат. бул иш чараны мамлекеттик денгээлде откоруп алсак дуйно эли суктанып,Кыргызстанды корууго кызыктар болсон туристердин саны болуп корбогондой артып, туризм тармагы жанданат
02.08.2018. 20:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bekmirzach,кудай кааласа
03.08.2018. 10:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Natun,tnz,Chagylgan2, жеке айтышуулар үчүн купуя кат бар! Билдирүүлөр өчүрүлдү!
05.08.2018. 00:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оло албай журуп олон айтат деген ушул да
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: