super.kg logo

Филиппиндин президенти коррупция менен күрөшүүнүн алкагында Lamborghini, Porsche унааларын бульдозер менен тебелетти

 

Филиппиндин президенти Родриго Дутерте дүйнөгө баңгизат жана коррупция менен ырайымсыз күрөшүп келе жаткан өлкө башчы катары таанылып келүүдө. Бул жолу Филиппиндин борбору Манила шаарында өлкө аймагына мыйзамсыз алып кирилген люкс классындагы бир нече транспорт каражаттарын бульдозер жана экскаватор менен тебелетүүгө буйрук берди. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты. Маалыматка караганда, өлкөгө мыйзамсыз киргизилген транспорт каражаттарын жок кылуу акциясын президент Родриго Дутерте өзү баш болуп карап турган.

"Талкалоо үчүн бир нече үлгүдөгү кымбат баалуу унаалар жана мотоциклдер тизилген. Алардын жалпы баасы 5,5 миллион долларды (374 099 000 сом) түзгөн. Бульдозер жана экскаватор атайын тизилген 76 транспорт каражатын, анын ичинде Lamborghini, Porsche, Jaguar, Corvette жана Mercedes-Benz унааларынын кымбат баадагы үлгүлөрүн тебелеп өткөн", - деп жазылат маалыматта.

Унаалар талкаланып бүткөндөн кийин президент Дутерте массалык маалымдоо каражаттарына мындай кадам чет өлкөлүк унааларды мыйзамсыз импорттоого каршы акция экенин айткан.

"Мен унааларды жок кылууга буйрук бердим. Эгер кимдир бирөө өлкөдө коррупция дагы деле бар десе, демек, ал дагы эле бар. Мен коррупцияны бир күндө жеңе албайм. Бирок мен дүйнөгө Филиппин Республикасы инвестиция жана бизнести өнүктүрүүгө жакшы жай экенин көрсөтүшүм керек", - деген ал.

Мындай окуя аталган өлкөдө буга чейин да болгон. Ушул жылдын февраль айында өлкөгө мыйзамсыз алып келинген жалпы баасы 1 миллион 2 жүз миң долларды түзгөн 20 чакты унаа бульдозер менен талкаланган.

2018-жылы өлкөгө мыйзамсыз импорттолуп жок кылынган транспорт каражаттарынын жалпы баасы 6,5 миллион долларга (442 117 000 сом) жетти.

Бул өлкөдө ошондой эле аткезчиликке каршы жана салык төлөө боюнча да катуу режим киргизилген.






Филиппинде мыйзамсыз кирген унаалар жок кылынды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(10)
Медиа-портал
02.08.2018. 17:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ЖАЛКА
02.08.2018. 18:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ХХХ президент экен, андан коро тышка сатып, акчасын элдин керегине жаратпайбы, 5,5 миллиондук пиар жасабай озуно......
Модератор admin_media түзөттү 2018-08-03 09:14:25
02.08.2018. 18:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Курошкондор ушинтип эле курошот.Биздики жакшы эле суйлогон кайра баары тескери болуп атат окшойт
02.08.2018. 21:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Azat.97,ушуну сен курошуп жатат десен анда билбеймин андан башка жолу толтура
02.08.2018. 18:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Дутерте кыйын президент Сингапурду онуктургонго ушул адамдын салымы чон. Ал озуно пиар кылгыдай биздин Кыргыздын чиновниктери эмес и то Сингапурдун эли жакшы жашоодо жашашат
02.08.2018. 21:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
gute,Филиппин мн Сингапурдун бири бирине кандай тиешеси бар? Сингапур Дутер мутерсиз эле 50ж бери коррупциясыз эле жашашат. Бул Дутер Жириновскийдин эле филипинче версиясы.Пиар болбосо ошол машиналарды аукционго койуп,сатылган акчасын больница,мектептерге бюджет кылып болуп берсе болот.ХХХ ХХХХБир эле Америка га, бир эле дагы бироого асылып кызыктай создорду суйлоп койот
Модератор admin_media түзөттү 2018-08-03 10:15:29
03.08.2018. 10:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
gute,Дутерте эмес анын тийешеси жок Сингапурдун онугушуно Сингапурду онуктургон Ли Куан Ю ото акылдуу киши болгон
02.08.2018. 19:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ушинтип башка мамлекеттерге суктаныып бутоор бекенбиз!! Кыргызстан качан онолот
02.08.2018. 22:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Лучще мага бирөөсүн берип койсо э, Россияга келбейт элем))
02.08.2018. 22:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ХХХ андан көрө баарын сатып мамлекеттин казынасына төктүрбөйбү.
Модератор admin_media түзөттү 2018-08-03 10:28:43
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: