super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 3-АВГУСТ: Америкалык актёр, кинорежиссёр Мартин Шин 78 жашка толду

 

Америкалык актёр, кинорежиссёр Мартин Шин 78 жашка толду. Ал 1940-жылы 3-августта АКШнын Дейтон шаарында туулган. 11 жашында апасы каза болуп, атасы жана 9 бир тууганы менен калган Мартин үй-бүлөсүнө жардам берүү үчүн кассалык аппарат чыгаруучу фабрикада, андан соң газ суусундугун сатуучу, короо шыпыруучу болуп эмгектенген. Актёрлукка болгон кызыгуусу кичинесинен күч болгон. Бирок актёрлук боюнча жогорку билим алышына атасы каршы чыккан. Мындан улам эч кандай жогорку билим албай калган.

Актёрдун жаш кези.

1974-жылы “Калифорниялык жигит” тасмасына тартылып, биринчи жолу “Эмми” сыйлыгына көрсөтүлгөн. Атактуулукту ага 1979-жылы жарыкка чыккан “Апокалипсис бүгүн” фильми алып келген. Ошондой эле тасма тартуу иштери жүрүп жатканда жүрөгү ооруп калып, соңку эпизоддордун үнүн бир тууган иниси коштогон.Аталган тасмадан соң киного тартылууга сунуштар абдан көп түшкөн. Актёр алардын биринен да баш тарткан эмес. Бирок 1990-жылдардан соң анын атагы унутулуп, экинчи пландагы ролдорду аткарып калган. 2006-жылы Леонардо Ди Каприо, Мэтт Деймон, Марк Уолберг менен бирге тартылган “Четтетилгендер” (“Отступники”) тасмасы актёрдун атын кайрадан даңазалаган.

Мартин Шин актёр катары эле эмес, коомдук ишмер катары да белгилүү. Ал адам укуктарын бузган түрдүү окуяларга каршылык көрсөтүп, ал үчүн бир канча ирет полиция тарабынан колго түшүрүлгөн.

Актёр Ирландиянын тургуну. 1961-жылы актриса Жанет Темплтон менен үйлөнгөн. Учурда 3 уул, 1 кызы бар. Кызыгы уул-кыздарынын баары ата жолун жолдоп, кино тармагында өз дареметтерин сынап жүрүшөт.

3-августтун жылнаамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
03.08.2018. 09:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ХХХ 2010-жылкы июнь окуясында Кыргыздарды жырткычтарга теңеген.
Модератор admin_media түзөттү 2018-08-03 11:05:46
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: