super.kg logo

Орусиялык куудул Евгений Петросян менен жубайы Елена Степаненко ажырашып, актриса мүлктөрүн сот аркылуу бөлүшүүнү суранды

 

Орусиянын Эл артисти, куудул, алып баруучу Евгений Петросян менен жубайы, актриса Елена Степаненко ажырашып, чогуу тапкан мүлктөрүн сот аркылуу бөлүшүп алат. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыкты.

Белгилүү болгондой, 4-июнда Москванын Хамонов сотуна актриса Елена Степаненко арыз менен кайрылган. Анда актриса Петросян менен чогуу жашаган жылдар аралыгында тапкан мүлкүн бөлүштүрүүнү суранган. Елена Степаненконун арызын кароо 6-августка белгиленген.

Ал эми Евгений Петросян орус маалымат каржаттарынын бирине: "Жубайымдын мүлк талашуусу боюнча эч кандай маалыматым жок. Бул тууралуу уккан дагы эмесмин. Бул кандайдыр бир түшүнбөстүктөрдөн улам келип чыкса керек", - деп билдирген. Ошондой эле куудул аялы менен ажырашкандыгы тууралуу комментарий берүүдөн баш тарткан. Ал: "Комментарийсиз. Менин жашоомдо эмнелер болуп жатканы силерге канчалык кызык?" - деп тим болгон.

Акыркы жылдары эки артисттин ажырашуусу тууралуу маалыматтар жергиликтүү басмылмаларга байма-бай чыккан. Бирок атактуулар жеке жашоосу, ажырашуусу тууралуу үн катпай келген.

Маалымат үчүн: Орусия Эл артисти, куудул Евгений Петросян 1945-жылы 16-сентябрда Азербайжанда төрөлгөн. Алгач театр сахнасында спектаклдерде роль жаратып, монолог окуган. Кийинчерээк куудулдарды камтыган театр түзгөн. Куудул 4 ирет үйлөнгөн. Төртүнчү жубайы Елена Степаненкого 1986-жылы үйлөнгөн.

Елена Степаненко - Орусиянын Эмгек сиңирген артисти, актриса 1953-жылы 8-апрелде Сталинградда төрөлгөн. Чыгармачылык жолун спектаклдерде ойноодон баштаган. Мындан тышкары белгилүү актёр, актрисаларды ийине жеткизе туурап, куудулдук өнөрү менен дагы таанылган. Тасмаларда роль жараткан. Елена Степаненко эки жолу турмушка чыккан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
03.08.2018. 17:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мм деле экоо тен карып калган карышкыр экен да..
04.08.2018. 09:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aiba.8327,сен да карыйсын эртен эле,непереживай
03.08.2018. 19:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бири 70тен ашып калыптыр экинчиси 60тан ашыптыр ажырашып не эми.Мүлк бөлүштүрүп гөрүнө апкете тургансып.
03.08.2018. 20:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Өкүнүчтүү
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: