super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 4-АВГУСТ: Биринчи турмушунан бак айтпай, экинчи ирет ак боз ат минген ханзаадага турмушка чыккан америкалык актриса жана модель Меган Маркл 37 жашка толду

 

Бүгүн, 4-августта Британ тактысынын 5-мураскери ханзаада Гарринин колуктусу, актриса жана фотомодель Меган Маркл 37 жашка толду. Ал 1981-жылы Лос-Анжелестеги Калифорния штатында төрөлгөн.

Кичинекей Меган Маркл атасы мененАтасы - Томас Маркл режиссёр, апасы - Дориа Рогланд коомдук ишмер жана йога боюнча устат болгон. Меган Маркл университетти аяктагандан кийин тасмага тартыла баштаган. Тагыраагы, 2002-жылы "Башкы госпиталь" сериалында роль жаратып, актрисалык тушоосу кесилген. Андан кийин "C.S.I.: Нью-Йорктогу кылмыштын орду", "90210: Жаңы муун", "Касл", "Форс-мажорлор" сериалында, "Мени эсте" фильминде роль жараткан. Муну менен катар эле фотомодель болуп дагы эмгектенген.

Актриса жеке жашоосунда эки ирет турмушка чыккан. Биринчи жолдошу режиссёр Тревер Энгельске 7 жылдык кыз-жигит мамиледен кийин турмушка чыккан. Түгөйлөр 2011-жылы баш кошуп, 2013-жылы расмий түрдө ажырашып кетишкен. 2016-жылы актриса мурунку күйөөсү Тревер Энгельстин каржылык жардамынан баш тартат.

Ушул эле жылы актриса ханзаада Гарри менен сүйүү романын куруп жүргөнү ачыкка чыгат. Бул билдирүү расмий билдирүү катары кабыл алынган. Анткени алардын мамилеси тууралуу маалыматты хан сарайдан тастыктаган. Ушундан кийин Гарри жергиликтүү маалымат каражаттарына Меган Маркл жана анын үй-бүлөсү тууралуу маалымат таратууну токтотуусун талап кылган. 2017-жылы түгөйлөр үйлөнүүгө бел байлап, алдыда боло турган тойго кам көрөт. Муну менен киножылдыз аталган Мегандын карьерасына чекит коюлат.

2018-жылдын 19-майында Британиянын ханзаадасы Гарри менен америкалык актриса Меган Марклдын үйлөнүү тою Лондондун четинде жайгашкан Виндзор сарайында өтсө, никеси 15-кылымда курулган Ыйык Жорж чиркөөсүндө расмий катталган. Бул салтанатка он миңдеген Лондон шаарынын тургундары жеринен күбө болушса, дүйнө коомчулугу түз эфир аркылуу көрүшкөн. Тойго болжол менен 45 миллион доллар сарпталган. Баса, актрисанын ак боз ат минген ханзаадасы өзүнөн 3 жаш кичүү. Анан калса Меган Маркл падышалык үй-бүлөнүн мүчөсү катары өзүнчө гербге ээ.

Акыркы күндөрү Меган Марклды көпчүлүк күйөрмандары кийинүү стилин сынга алып келет. Ал гана эмес, белгилүү мода журналдары анын турмушка чыкканга чейинки образы менен турмушка чыккандан кийинки образын салыштырып, айрым учурда образдарынын топтомун байма-бай жарыялап турат. Ырасында эле актриса хан сарайга келин болгондон тарта мурунку ханайымдардан үлгү алып, классикалык стилге басым жасап калды.

4-августтун жылнаамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(6)
05.08.2018. 01:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
жашоо малина го буларда..
05.08.2018. 10:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Ой булар еки балалуу болушту го анан кандай еле 2018 үйлөнүшөт.
05.08.2018. 10:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Улуу агасы 2 балалуу болду, мага ошонусунун аялы Кейт Мидлтон жагат
05.08.2018. 14:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Siren90,3балалуу болушту.
05.08.2018. 14:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул да болсо буйруктан.
05.08.2018. 17:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кара кыздын агынан эмес, багынан.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: