super.kg logo
  Спорт  

Нарында өткөн эр таймаш кулатуу боюнча эл аралык мелдеште Нургазы Балтабаев чемпиондук курга ээ болду

 

Кечээ, 4-августта Нарын шаарынын борбордук стадионунда Дүйнөлүк эр таймаш кулатуу федерациясынын "WEF PROFFIGHT 24" мелдеши өттү.

Нарын шаарында алгачкы ирет өтүп жаткан мелдешти көрүүгө миңге жакын көрүүчү келип мушкерлерди ураан, кыйкырыктар менен колдоп жатышты. Мелдештин алкагында Кыргыз, Өзбек, Тажик өлкөлөрүнөн келген 40 мушкер беттешти.

Тургундар мелдеш Нарын шаарында өтүп жатканына абдан кубанып, ар бир мушкерди дүркүрөгөн кол чабуулар менен колдоп, тосуп алып жатышты.

Мелдештин алкагында 20 беттеш орун алса, анын 10у негизги беттештер болду. Бул беттештердин жүрүшүндө 66 килограммга чейинки салмак ченинде 18 жаштагы Кайрат Нурбай уулу менен 25 жаштагы Жаныш Нуржанов кездешти. Эки кыргыз мушкердин ортосунда орун алган таймашта Нуржанов таамай соккусу менен Кайрат Нурбай уулуну жыгытып, үстүнө чыгып кубаттуу соккулары менен жаш мушкерди утуп алууга аракет кылды. Бирок Кайрат Нурбай уулу атаандашынын бир топ улуу болгонуна карабай, каршылашын "үч бурчтук" ыкмасына салып, муунтуп жеңишке жетти.

Мындан кийинки беттештерде мушкерлер кол кайруу, муунтуу ыкмаларын колдонуп, беттештин 2-раундунда жеңишке ээ болуп жатышты. 84 килограммга чейинки салмак чениндеги беттеште Адис Таалайбек уулу өзбекстандык Кодирхон Газихонов менен кез келди. Беттеш башталып, кыргыз мушкери дароо таамай соккулары менен чабуулга чыкты. Өзбек мушкер атаандашынын кубаттуу соккуларына туш болуп, андан качып кетүү аракетин көрдү. Бирок Адис Таалайбек уулу атаандашын коё бербей, таамай соккусу менен нокаутка учуратты.

66 килограммга чейинки салмак ченинде Улан Эмилбеков өзбекстандык Дильшот Юсупов менен кез келди. Беттештин жүрүшүндө өзбек мушкери мыктыраак болуп, атаандашына мүмкүнчүлүк бербей жатты. 2-раунддун жүрүшүндө Дильшот Юсупов көбүрөөк соккуларды узатып, 2-раунддун аягында Сүйүновду муунтуу ыкмасына алып жеңишти илип кетти. Улан Эмилбеков 2-раунддун аягына 2 секунд калганда жеңишти алдырып жиберди. Өзбек мушкери 2-раунддун 4 мүнөт 58-секундасында жеңишти илип кетти.

Мелдештин күтүлгөн беттештеринин биринде Узак Садырбек уулу өзбекстандык Сухроб Рахимбековго каршы кез келди. Анда Узак Садырбек уулу таамай соккулары менен айырмаланып, атаандашын кулатканга жетишти. 1-раундда эле кыргыз мушкери атаандашынын үстүнө чыгып таамай узаткан соккулары менен техникалык нокаут менен жеңишке жетти.

Чемпиондук кур үчүн беттеш

Ал эми мелдештин эң негизги беттешинде WEF PROFFIGHT'тын чемпиондук куру үчүн кыргыз мушкери Нургазы Балтабаев өзбекстандык Санжар Эркиновго каршы күч сынашты. Беттеш 77 килограммга чейинки салмак ченинде орун алып, Балтабаевдин активдүү кыймылы менен башталды. Балтабаев атаандашын айланып тебүү аракетин көрсө, өзбек мушкери аны көтөрүп чапканга үлгүрдү. Балтабаев каршылашын муунтуу ыкмасына алып, 1-раунддун 50-секундасында жеңишке жетти. Муну менен Нургазы Балтабаев WEF PROFFIGHT'тын чемпиондук куруна ээ болду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
05.08.2018. 16:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсыңар кыргызстан алга.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: