super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 7-АВГУСТ: Сүйүүнүн туруктуулугун баалаган орус эстрада ырчысы, СССРдин Эл артисти София Ротару 71 жашка толду

 

Орус эстрада ырчысы, СССРдин Эл артисти София Михайловна Ротару бүгүн 71 жашка толду. Ал 1947-жылы 7-августта Украинада жарык дүйнөгө келген.

София Ротару айылдык дыйкандын үй-бүлөсүндө төрөлүп, айыл жергесинде чоңойгон. Ата-энеси алты баласын тең жаш кезинен эмгектенүүгө үйрөтүшкөн эле. Алардын арасында София дагы ушундай бекем тарбия алган. Кичине чагынан эле талаа жумуштарына кол кабыш кылып, кара жумушту катыра аткарган. Ал эми чоңойгондо болсо турмуштун дагы бир кыйынчылыгы башына түшүп, базарда жемиш сатып оокат кылган.

Мектепте окуп баштаганда эле чиркөөдөгү хордо ырдап, майрамдык салтанаттарга катышып жүргөн. 1968-жылы Черновиц музыкалык окуу жайынын дирижёрлук жана хор бөлүмүн, 1974-жылы Кишинёвдогу искусство институтун аяктаган.

1968-жылы Ротару чыгармачылык топ менен бирге Болгарияда өткөн IX Бүткүл дүйнөлүк жаштар жана студенттер фестивалына катышып, алтын медаль, элдик ырларды аткаруу боюнча биринчи орунду жеңип алган. 1971-жылы өзүнүн ансамблин түзүп, Черновицктеги филармонияда иштөөгө сунуш алат. Ансамблдин көркөм жетекчиси болуп ырчынын күйөөсү Анатолий Евдокименко дайындалат. Андан кийин ал София Ротарунун бардык концерттеринде режиссёр болуп келген. Өзүнүн чыгармачылык жолунда Ротару 400дөн ашуун ырды аткарган. Алардын көпчүлүгү советтик жана украиналык эстрадасынын классикасы болуп калды. Ырчы 30дан ашуун альбомун чыгарган. Акыркы музыкалык альбомдору катары 2011-жылы чыккан "Жан дүйнөм учат", "Кечир" (2013), "Кыш" (2016) деген эмгегин айтууга болот.


Ырчы Украинанын Эл артисти Анатолий Евдокименкого 1968-жылы турмушка чыгып, Руслан аттуу уулдуу болушкан. Жолдошу 2002-жылы дүйнө салган. "Менин жалгыз сүйүүм - жолдошум Анатолий. Ал бизге 35 жыл бактылуу жашоону белек кылган. Азыр жанымда жок болгонуна карабастан менин сүйүүм кеткен эмес, ал мени менен. Ошондуктан экинчи турмуш куруу жөнүндө оюмда жок, айтууга да мүмкүн эмес" деп социалдык тармактардын бирине билдирген.

7-августтун жылнаамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(1)
08.08.2018. 02:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тегеле бетине бырыш түшпөдү да бул абжемин. 71ге толсо да 30 жаштагыдай көрүнөт. Үнү аябай жагымдуу. Мен эски ырчыларды баалайм.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: