super.kg logo
  Спорт  

Нарында өткөн кулатуу эр таймашы боюнча мелдештин жеңүүчүлөрү белгилүү болду

 

4-августта Нарын шаарынын борбордук стадионунда Дүйнөлүк кулатуу эр таймаш федерациясынын "WEF PROFFIGHT 24" мелдеши өткөн. Мелдештин алкагында 19 беттеш орун алып, анда Кыргыз, Тажик жана Өзбек мушкерлери күч сынашты.

Кеченин негизги беттешинде "WEF PROFFIGHT'тын" чемпиондук куру ойнотулуп, анда кыргыз мушкери Нургазы Балтабаев менен өзбекстандык Санжар Эркинов кез келди. Мушкерлер 77 килограмм салмак ченинде мушташып, Балтабаев 1-раундда эле жеңишке жете алды. Ал беттештин 50-секундасында атаандашын муунтуу ыкмасына алып жеңишке жетти.

Айта кетсек, бул мелдеш Нарын облусу боюнча Кулатуу эр таймаш федерациясынын президенти Жыргалбек Турускуловдун демилгеси менен уюштурулган.

"WEF PROFFIGHT 24" мелдешинин жеңүүчүлөрүнүн тизмеси:

  • 57 килограмм салмак ченинде:
    • Акылбек Марсбек уулу, Акылбек Сүйүнбек уулу, Умижон Мамажанов (Өзбекстан);
  • 60 килограмм салмак ченинде:
    • Ильгиз Романов;
  • 61 килограмм салмак ченинде:
    • Манас Таштанбеков;
  • 66 килограмм салмак ченинде:
    • Сайтиев Баймурат, Курмандар Кылычбек уулу, Кайрат Нурбай уулу, Максат Акмолдаев, Дильшод Юсупов (Тажикстан), Рустам Жабаров (Тажикстан);
  • 70 килограмм салмак ченинде:
    • Умар Сүйүнов;
  • 77 килограмм салмак ченинде:
    • Айдарбек Айдынбек уулу, Моминжон Мамажанов;
  • 84 килограмм салмак ченинде:
    • Адис Таалайбек уулу;
  • 93 килограмм салмак ченинде:
    • Кубанычбек Токтомуратов, Бексултан Өмүрзаков, Узак Садырбек уулу;

Чемпиондук кур үчүн беттеш

  • 77 килограмм салмак ченинде:

Нургазы Балтабаев






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: