super.kg logo

MegaCom - III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун башкы демөөрчүсү

 

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюну дүйнө калкынын көңүл борборун ээлеп турган маал. Чолпон-Ата шаарынын ипподрому болуп көрбөгөндөй шаңга бөлөнө турган күндөр да жакындап калды. Салтка айланып калгандай эле, жылдын эң ири спорттук-маданий иш-чарасына жер жүзүнүн чар тарабынан көп сандаган көрүүчүлөрдүн жана катышуучулардын – мамлекет башчылардын, илим жана маданияттын көрүнүктүү ишмерлеринин, ММК өкүлдөрүнүн, этноспортту сүйүүчүлөрдүн, келиши күтүлүүдө. Алыстан ат арытып келген ар бир мейман көчмөндөр турмушу, маданияты менен жакындан таанышууну каалашат.

Кыргызстандын таанымалдыгын арттырган Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун масштабы жылдан-жылга кеңейүүдө. Быйыл 70тен ашуун өлкөдөн келе турган катышуучулар көк бөрү, тогуз коргоол, кыргыз күрөш, алышуу, аркан тартуу, салбуурун, ат чабыш, жаа атуу жана башка оюндардын түрлөрү боюнча күч сынашат. Кыргызстандын намысын мыкты спортчуларыбыз коргошот. Спорттук таймаштардан тышкары, оюндардын программасында маданий жана илимий иш-чаралар да камтылган. Кырчын жайлоосунда ачыла турган этномаданий шаарчада эл аралык илимий конференция өткөрүлсө, ал эми "Номад" амфитеатрында бардык меймандарды "Көчмөндөр ааламы" эл аралык этнофестивалы күтөт.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюну алгачкы жолу 2014-жылы өткөрүлгөн. Көгүлтүр Ысык-Көлдүн жээгинде болуп өткөн оюндарга 19 өлкөнүн өкүлдөрү катышкан. Алар: Азербайжан, Австрия, Афганистан, Белорусия, Бразилия, Германия, Казакстан, Кыргызстан, Литва, Монголия, Россия, АКШ, Тажикстан, Түркмөнстан, Түркия, Өзбекстан, Франция, Швеция, Түштүк Корея. MegaCom компаниясы бул жолу да III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнун өткөрүүнүн башкы демөөрчүсү болууда.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
07.08.2018. 16:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
А Мега Ком Озбекстандыкы беле!Мамлекеттики да ушу кочмондор оюнун кредит алып той бергендей эле элестетем.Андан коро нормалный байып анан откорсо туура болмок беле Текебаев айтткандай.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: