super.kg logo

МЕДИА ПОРТАЛ: "Келбейлиби бир басып?" ырынын клибине автор көрүндүк берген" дейт Кубаныч Сатаев

 

Ырчы Кубаныч Сатаевдин "Келбейлиби бир басып?" аттуу ырына тартылган клип SUPER.KG порталындагы шаңдуу, элге өтүмдүү клиптердин катарынан орун алды. Позитивдүү клип бат жана жеңил тартылганы менен, элдин оозуна алынып, элге жакканы кубандырганын билдирет ал.

"Бул ыр 1986-жылдары, Исирадин Аманбаев аяш атамдын 17 жашында жазган ыры экен. Ар бир ыр автордун баласындай болуп калат эмеспи. Аталган ырды мен кайрадан ырдап чыкканда аяш атам абдан сүйүнгөн. Клип тартылгандан кийин мага көрүндүк да берген.

Клип 2015-жылы августта, Орозо айында тартылган. Ошол жылы август айында катуу ысык болуп, клипте роль жаратып жаткан Нурхат аттуу актёр балабыз абдан кыйналган. Караңгы кирип калганда токойдун ичине жарыктарды орнотуп жандуу үн менен ырдаганбыз. Клип негизинен 1 күндө тартылган, бирок ошол жарыктарды орнотууга 4-5 саат убактыбыз кеткен. Жандуу ырдап жатканда артымда гитара менен Ленинбек аттуу агабыз, барабанда "Чоро" тобунун жигиттери музыкалык аспаптары менен келип коштоп беришкен.

Клиптин сюжети клипмейкер Бекбол Кылычбековго таандык. Роль жараткан кыздарды да моделдик агенттиктердин биринен өзү тапкан, арасындагы кээ бир кыздар өзүбүздүн тааныштарыбыз. Клипке жалаң бойдок кыздар-балдар тартылгандыктан, жашоодо да кыз-жигит болуп өз сүйүүлөрүн тапкандар болгон. Баарынан кызыгы, бир актёр баланын жаагына чапчу кадрды 5-6 дубль сокку менен тартканбыз. Ал аны көпкө чейин айтып жүрдү", - дейт күлүп.

"Келбейлиби бир басып?" ырына тартылган клипти бул жактан көрө аласыз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
08.08.2018. 18:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ишинеге ийгилик,Сатаевдин ырлаоы уккулуктуу
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: