super.kg logo

Алмаз Шаадаевдин "Эми мага баары бир" чыгармасы "Сыйлуу тизмеден" орун алып, Съездбек Искеналиевдин жана Айя Садырова менен 60`К тобунун чыгармалары "Супер хитке" кошулду

 

SUPER.KG порталынын "Медиа-портал" бөлүмүндөгү "Супер хит" долбоору кыргыз эстрада ырчыларынын видеоклиптерин колдонуучулардын сынына коёт. Сынактын шарты боюнча колдонуучулардын добушу аркылуу 10 клип электен өтүп, ар жуманын жеңүүчүсү аныкталат.

Аптанын шаршемби күнү добуш берүү токтотулуп, кайсы видеокомпозиция канчанчы орунда экендиги жарыяланат. Эң аз добуш алган клип "Супер хиттен" четтетилип, анын ордун жаңы ыр толуктайт.

Бул аптада эң аз добушка ээ болгон жана 3 ирет биринчиликти багындырып, "Сыйлуу тизмеге" кирген эки чыгарманын ордуна Съездбек Искеналиевдин аткаруусундагы "Кызгалдак" жана Айя Садырова менен 60`К тобунун "Келчи, гүлүм" чыгармасы кошулду.

1-АВГУСТТАН 8-АВГУСТКА ЧЕЙИНКИ ДОБУШ БЕРҮҮНҮН ЖЫЙЫНТЫГЫНА КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ

10-орун - Назминин "Ойлойсуңбу?" клиби бул аптада эң аз добушка ээ болуп, сынактан четтетилди.

9-орун - Нурлан Насиптин "Мектебим" чыгармасына буюрган.

8- орунду - Данияр Эрматовдун "Билем, жактырасың" видеокомпозиясы камсыздаган.

7-орунду - Нияз Абдыразаковдун "Келинчек" видеоклиби ээлеген.

6-орун - Аваз Акимовдун "Жүрөгүм" чыгармасына буюрган.

5-орунда - Самара Каримова менен Юлия Руцкаянын аткаруусундагы "Курбум" чыгармасы жайгашкан.

4-орунду - Айдана Деканын "Жигитке" чыгармасы камсыздаган.

3-орун - Алтынай Нарбаева менен Мирбек Атабековдун аткаруусундагы "Мен сени сүйөм, өмүр" ыры алдыңкы үчтүктөн орун алган.

2-орун - Өткөн аптада тизмеге жаңыдан кошулган Расул Маматкуловдун "Көрүшкөнчө" видеокомпозициясына буюрган.

1-орун - Алмаз Шаадаевдин аткаруусундагы "Эми мага баары бир" чыгармасы эң көп добушка ээ болуп, ушуну менен 3-ирет жеңүүчү аталды. Чыгарма "Супер хиттин" "Сыйлуу тизмесинен" орун алды.

"Чыгарманын автору - Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Гүлжигит Сатыбеков. Мен анын чыгармасын ремикс вариантында ырдап чыктым. Бүгүнкү күндө чыгарма 7 миллиондон ашуун кароого ээ болду. Уккулуктуу чыгарма болгонуна кубанып жатам. Клипти клипмейкер Эрнист Сыдыков тарткан. Клип тартуу учурунда көп кыйынчылыктар болгон. Сюжетте кырсыкка кабылган унааны тартканбыз. Клип бүткөндөн кийин үйгө баратып өзүм кырсыкка кабылгам. Клиптеги окуя чыныгы жашоомдо да кайталанды", - дейт ырчы.

Сүйүктүү видеокомпозицияңызга добуш берүүнү кааласаңыз бул шилтемеге баш багыңыз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
08.08.2018. 13:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Авторго алкыш Гулжигит Сатыбековго
Анын бутундой ырлары хит болот го
Ал эми аткаруучулар озунордун чыгарманарды озунор ырдасанар демекмин
08.08.2018. 14:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жылдын супер ыры болот болушу керек
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: