super.kg logo

32 жаштагы орусиялык ырчы Бьянка продюсерине турмушка чыкты

 
Беларусь жана орусиялык ырчы Бьянка продюсерине турмушка чыкты. Бул тууралуу орусиялык жалпыга маалымдоо каражаттары жазып чыкты. Маалыматка караганда, буга чейин ырчы менен достук мамиледе жүргөн өзүнүн продюсери, гитарачы Роман Безруков колун сурап, түгөйлөр үлпөт тоюн жай айында өткөрүүнү чечкен.

Ырчынын үлпөт тою Подмосковьеде өтүп, ага түгөйлөрдүн эң жакын гана туугандары чакырылган. Бьянка социалдык тармактагы баракчасына сезимдери менен бөлүшүп, кымбат баалуу нике шакегин, колуктунун гүлүн жана жолдошу менен чогуу түшкөн бир нече сүрөтүн жүктөгөн.

Эске сала кетсек, ырчы февраль айында турмушка чыгууну пландап жатканын жарыялаган. Бирок ал ушул убакытка чейин сүйүктүүсүнүн ысымын жашырып келген. Ошентип жайында, аба ырайы жылуу жана керемет убакта орусиялык ырчынын үлпөт тою болуп өттү.

Бьянка (толук аты-жөнү Татьяна Эдуардовна Липницкая) 1985-жылы 17-сентябрда Беларустун Минск шаарында төрөлгөн. Кичине кезинен ыр-бийге жакын өсүп, бүгүнкү күндө беларусь жана орусиялык R&B-ырчы, ырлардын автору, музыкалык продюсер, бийчи, телеалпаруучу жана актриса катары эмгектенип келет.

R&B стилинде ырдаган Орусиядагы алгачкы ырчы саналган таланттуу айым музыкалык карьерасын 2005-жылдан тарта баштап, алгач өзүнүн стилин "Орус элдик R’n’B" деп атаган.

40ка жакын ыры угармандарына сунушталса, алардын дээрлик бардыгына клип тартылган. 4 тасмада роль жаратып өзүн актриса катары да сынап көргөн.

Ырчынын акыркы жарык көргөн альбому "Чем мне любить" деп аталып, ага "Вылечусь", "Жёлтое Taxi", "В чувствах", "На дух не переношу" сыяктуу популярдуу саналган 5 ыры кирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: