super.kg logo

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында эл аралык айтыш өтөт

 

Ысык-Көлдө 2-сентябрда баштала турган III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында XII эл аралык "Айтыш-2018" төкмө акындардын сынагы өтөт. Бул тууралуу республикалык "Айтыш" коомдук фондунун теңтөрагасы Асылбек Маратов билдирди.

"XII эл аралык "Айтыш-2018" төкмө акындардын айтышынын жалпы байге фонду 2 миллион сом. Тандоо турунан өткөн 8 кыргыз акыны Казакстандан келген 8 акын менен айтыш курат. Сынакта акындардын ырынын көркөмдүүлүгүнө, төкмөлүк шыгына, тапкычтыгына, аткаруучулук чеберчилигине жана сахна маданиятына көңүл бурулат", - дейт Маратов.

Тандоо туру 15-августта саат 10:00дө "Манас" кинотеатрында өтөт. Сынакка өлкөнүн бардык аймактарынан келген акындар катыша алат, жаш курагы чектелбейт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
09.08.2018. 14:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Билет канча экен. Барып коройлу ак тандай акындарыбызды
10.08.2018. 09:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Казак акындарынан Жандарбек Сырым Музтар Ринат жана башка мыктыларын кутобуз
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: