super.kg logo

ТЕСТ: "Мода өзгөрөт, стиль калат". Мода дүйнөсүн жаңырткан Коко Шанелдин ийгиликтерин, кайгысын, кубанычын билесизби?

 

Бүгүн, 19-август өткөн кылымда мода дүйнөсүндө төңкөрүш жасаган франциялык модельер, "Chanel" мода үйүнүн негиздөөчүсү Габриэль Коко Шанелдин туулган күнү. Ал 1883-жылы 19-августта Франциянын Сомюр шаарында төрөлгөн. Мода дүй­нөсүн жаңыртып, биринчи жолу бутун көрсөтүп кыска юбка кийген, чачын кыска кырктырып, ийинге сумка асынып баштаган жаратман аялзаты болгон. Франциядагы бардык аялдар анын кылган аракетин кайталап турушчу. Айымдардын алкышына татыган Коко Шанель тууралуу кызыктуу маалыматтардан куру эмесмин десеңиз, тесттен өтүп көрүңүз.


кошулду





1

2

3

4

5

6

7

8

9

10

11

12

13

14

15

Мода дүйнөсүндөгү Коко Шанелдин алгачкы атаандашы ким болгон?

Коко Шанелдин мода дүйнөсүндөгү башкы атаандашы франциялык модельер Кристиан Диор болгон. 1930-жылы Коко Шанель Франциядан Швейцарияга көчүп кеткенде Кристиан Диордун кийимдерине болгон суроо-талап күчөй баштаган. Натыйжада Кристиан Диор мода үйүн негиздөөгө жетишкен.

Кийинки суроо


Кристиан Диор
Ив Сен-Лоран
Эльза Скиапарелли

"Chanel" мода үйүнүн канча символу бар?

"Chanel" мода үйүнүн 5 символу бар. Алар буудайдын башы, камелия гүлү, төрт жалбырактуу беде, арстан жана жылдыз менен комета таштарынын айкалышы.

Кийинки суроо


2
5
1

"Chanel" сумкасын жарнамалоого тартылган алгачкы мырза?

Америкалык рэпер, музыкант, кийим дизайнери Фаррел Уильямс 2017-жылы "Chanel Gabrielle" сумкасынын жарнамасына тартылган. Муну менен ал белгилүү бренддин тарыхындагы жарнамага тартылган алгачкы мырза катары калган.

Кийинки суроо


Жонни Депп
Жарред Летто
Фаррел Умльямс

Америкалык "Vogue" журналы Коко Шанелдин популярдуу болгон кара көйнөгүн эмнеге салыштырган?

1926-жылы америкалык "Vogue" журналынын башкы бетине Коко Шанелдин популярдуу болгон кара көйнөгү чыккан. Ошол мезгилде Ford Model T үлгүсүндөгү унаа аябай популярдуу болуп, суроо-талап жогору болгон. Ошондо журнал кара көйнөктү Ford Model T үлгүсүндөгү унаага салыштырган. Ал эми эл арасында "Шанелден айымдарга Форд" деген кеп айтылып калган.

Кийинки суроо


Эйфель мунарасы
Тирамису
Ford Model T унаасы

Статистика боюнча Францияда 30-50 секунд сайын эмне сатылат?

Статистикага таянсак, Францияда ар бир 30-50 секунд аралыгында "Chanel №5" жыпар жыты сатылат.

Кийинки суроо


"Chanel" ооз боёгучу
"Chanel №5" жыпар жыты
"Chanel" сумкасы

Коко Шанель канча жашында мода дүйнөсүнө кайтып келген?

1954-жылы 71 жаштагы Шанель Швейцариядан Францияга келет. Анын айымдар үчүн жаңы кийимдер коллекциясы мода дүйнөсүндө сенсация жаратып, ийгиликтин, сый-урматтын чокусуна жеткен.

Кийинки суроо


71 жашында
Мода дүйнөсүнөн кеткен эмес
56 жашында

Мода ханышасы: "Мен эч качан акча табууга аракет кылган эмесмин, мен дайыма..." деген.

Жетимдер үйүндө чоңойгон Коко Шанелдин жаштайынан эле мүнөзүндө өжөрлүк, көз карандысыздыкка, эркиндикке умтулуу сезимдери өөрчүй баштаган.

Кийинки суроо


сулуулукка умтулгам
ашкере байлыкка умтулгам
эркин, көз карандысыз болууга умтулгам

Шанель 88 жылдык өмүрүндө канча ирет турмушка чыккан?

Коко Шанель жасаган иштери, жаңычылдыктары менен көптөгөн таасирдүү, бай адамдар менен достошуп, мамиле курган. Бирок бир дагы ирет турмушка чыккан эмес. Айрым уламыштарга караганда Коко Шанелге герцог Вестминстер үйлөнүү тууралуу сунуш жасаган. Бирок моданын ханышасы "Герцогдор бирөө эмес, бир нече болушу мүмкүн. Бирок мадемуазель Шанель бирөө гана" деп баш тарткандыгы айтылып жүрөт.

Кийинки суроо


2
чыккан эмес
3

Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин Коко Шанелге кандай айып тагылган?

Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин Шанелге коллаборационизм (өз эрки менен душмандар менен иштешип мамлекетке зыян келтирүү) айыбы тагылып, камакка алынган. 1944-жылы Уинстон Черчилдин буйругу менен эркиндикке чыгарылган. Бирок Коко Шанелге Франция мамлекетинен чыгып кетүү талабы коюлган.

Кийинки суроо


Чыккынчы
Коллаборационизм
Тыңчы

1955-жылы Коко Шанель тарабынан чыккан сумка кандай аталат?

Коко Шанель "Мен ридикюль көтөргөндөн тажадым. Анын үстүнө көп жоготом" деп айткан. 1955-жылы ал төрт бурчтуу, ийинге чынжырча менен асынып алма сумканы чыгарат. Аталган сумка айымдардын колдоосуна ээ болуп, суроо-талап жогорулаган. Ал эми сумканын аталышы анын чыгарылган мөөнөтүн түшүндүрөт. 2-февраль, 1955-жыл. Баса, сумкалардын алгачкы нускалары кара түстө чыгып, 1 жылдан кийин ар кандай түстө чыга баштаган.

Кийинки суроо


Ридикюль
"Chanel 2.55"
"Chanel "

"Chanel" мода үйү кайсы жылы негизделген?

"Chanel" мода үйү 1908-жылы негизделген. Аталган мода үйү кийим-кече, аксессуар, сумка, көз айнек, саат, жыпар жыт, люкс классындагы зер буюмдарды жана косметикалык каражаттарды өндүрүп, сатыкка чыгарат. Учурда дүйнө жүзү боюнча "Chanel" мода үйүнүн 147 ири дүкөнү бар.

Кийинки суроо


1955-жылы
1910-жылы
1908-жылы

Коко Шанель айымдардын гардеробундагы кайсы кийимге "жаңы өмүр" берген?

Узак жылдар бою коомдо аза күткөндөр гана кара түстөгү кийим киет деген түшүнүк болгон. Коко Шанель сүйүктүүсү Артур Кэйпел жол кырсыгынан каза болгондон кийин кара кийим кийип баштаган. 1926-жылы Коко Шанель аза күткөн айымдардын кара көйнөгүнө өзгөртүүлөрдү киргизип, тизеге чейин кыскартып, аксессуарлар менен кие баштаган. Ушундан кийин узундугу тизеге чейин болгон кара көйнөк жаңы модага айланган.

Кийинки суроо


Узун юбка
Кара көйнөк
Шым

Коко Шанелдин алгачкы дүкөнүндө эмне сатылган?

Коко Шанель 1910-жылы Парижде алгачкы дүкөнүн ачып, анда айымдар үчүн шляпалардын түрлөрү сатылган. Анын дүкөн ачуусуна офицер Этьен Бальсандын жардамы чоң болгон.

Кийинки суроо


Шляпа
Сумка
Кездеме

Мода дүйнөсүн жаңырткан Коко Шанель 18 жашында эмне менен алектенген?

Коко Шанель 12 жашка чыкканда апасы каза болот. Габриэлди 4 иниси менен атасы дагы таштап кетип, бир туугандар Овернь аймагындагы жетимдер үйүндө тарбияланат. 18ге чыкканда Габриэль өз алдынча чыгып, кездеме саткан дүкөнгө сатуучу болуп орношуп, кечкисин жергиликтүү кафеде ырдап жан баккан.

Кийинки суроо


Сатуучу
Сатуучу жана кафеде ырчы
Ырчы

Коко Шанелдин чыныгы ысымын белгилеңиз...

Дүйнө жүзүнө Коко Шанель деп таанылган франциялык моделдин чыныгы аты Габриэль Бонёр Шанель. Анын каймана ысым менен таанылышы туурасында түрдүү пикирлер айтылып келет. Коомдо эң эле көп айтылган вариант - Габриэль жергиликтүү кафелердин биринде “СоСо” деген ырды ырдаганы үчүн аны Коко деп атап коюшкан.

Кийинки суроо


Габриэль Бонёр Шанель
Габриэль Коко Шанель
Габриэль Жанна Деволь

"Гүлсарат", "Ак кеме"... Айтматовдун чыгармаларын унута элексизби?

Сиздин упайыңыз

70
Туура жооп: 9
Ката жооп: 5
Жалпы: 14 суроо
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(17)
19.08.2018. 12:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
6 туура
9 ката
Жыйынтык 40
19.08.2018. 13:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
54
19.08.2018. 13:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Туура жооп 8-катта 7
19.08.2018. 17:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
20 кызыгы жок мага Шанель Диор
19.08.2018. 17:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
60
19.08.2018. 19:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туура 5
Ката 10
Жыйынтык 34 балл
19.08.2018. 20:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
67%болду
20.08.2018. 00:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
40
20.08.2018. 02:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Болжолдоп соктум эле 54 8 туура 7 ката
20.08.2018. 05:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
60
20.08.2018. 08:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
20. Туура жооп 4. Катасы 11
20.08.2018. 09:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
54.
20.08.2018. 17:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туурасы 6 катасы 9 эч нерсе билбейт элем бирок менин атым дагы ушунун духисине коюп коюшкан үйдөгүлөр өтө жыттусуң деп КОКО деп мага эч жакпай калат экен чоңойгон сайын
20.08.2018. 19:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен жакшы билет экем
27.08.2018. 21:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
67
12.09.2018. 17:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
14 балл. Эч нерсе билбейт экем. Карап окуп коюшум керек экен. Болбосо өзүм бир гана коко шанелдин буюмдарын косметикаларын колдоном
19.09.2018. 03:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
34% (кулгон быйтыкча)
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: