super.kg logo

Ордуңуздан турбай туруп мобилдик оператордун кеңсесине кантип барса болот?

 

Бул абдан оңой: өз смартфонуңузга жакында толугу менен жаңылана турган номерди башкаруу боюнча жеке жардамчыны — «Менин О!» мобилдик тиркемесин жүктөп алыңыз!

«Менин О!» — сиздин мобилдик телефонуңуздагы баланстын жана кызматтардын көзөмөлү үчүн колдонулуучу мобилдик тиркеме. Тиркемени колдонуу абдан эле оңой, эң башкысы ортодо пайда болгон маселелерди чечүү үчүн оператордун салонуна баруудан куткарат: тиркеме сиз кай жерде жүрбөңүз, суроолоруңузду абдан тез чечет. Тиркеме акысыз жана мобилдик интернет же Wi-Fi аркылуу иштейт.

"Биз PlayMarket, AppStore жана социалдык тармактардагы тиркеменин эски версиясы боюнча пикирлерди топтодук да, тиркемени толугу менен жаңыладык! Ыңгайлуу, интуитивдик түшүнүктүү дизайн, бир-эки клик менен эле кызматтарды жана тарифтерди кошуу, балансты жана топтомдорду текшерүү, бармак тагы менен кирүү жана башка пайдалуу көптөгөн функциялар кошулду. Эң башкысы, эми түз эле тиркемеден күнү-түнү иштөөчү онлайн-колдоо жеткиликтүү болуп калды", - деп белгилеп кетти О! Мобилдик операторунун коммерциялык директору Максим Сидоренко.

«Менин О!» тиркемесин орнотуу менен сиз төмөндөгү мүмкүнчүлүктөргө ээ болосуз:

  • Каражаттарды канча жана кайда коротконуңузду билүү;
  • Топтомдор боюнча мүнөттөрдүн, SMS жана Интернеттин калдыгын көзөмөлдөө;
  • Бир-эки клик менен тарифти алмаштыруу;
  • Мобилдик байланышты мындан да ыңгайлуураак кылууга шарт түзүүчү түрдүү кызматтарды кошуу;
  • Сиз үчүн жаңы, актуалдуу сунуштардан жана башка көптөгөн нерселерден кабардар болуу!

Жаңы «Менин О!» мобилдик тиркемесин жүктөйбүз жана текшеребиз

Тиркемени PlayMarket же AppStore аркылуу жүктөңүз жана орнотуңуз. Тиркемени табуу кыйынчылык деле жаратпайт, издөө сабына «Менин О!» деп жазуу жана орнотууну аткаруу жеткиликтүү.

«Менин О!» тиркемесинде катталуу абдан оңой процесс болуп саналат. Болгону сиздин номерди киргизүү жана өз кодун ойлоп табуу керек. Тиркемеге киргенден кийин эң үстүндө биз эсеп боюнча калдыкты көрөбүз. Төмөн жагындагы үч тегеректе үстүбүздөгү эсептешүү мөөнөттө канча мүнөт, гигабайт жана SMS калгандыгын жана бул мөөнөт качан бүтөрүн көрөбүз.

Андан кийин биз 2 баскычты көрөбүз:

  • «Кызматтар»: кайсы кызматтар кошулгандыгын, кайсы кызматтар өчүрүлгөндүгүн текшериңиз;
  • «Тарифтер»: сиздин тариф жана анын шарттары, ошондой эле которулууга жеткиликтүү тарифтер кандай экенин карап алыңыз;

Эгер сиз O!Store дүкөндөр тармагынын жаңылыктарына кызыксаңыз жана дүкөндөгү товарлар менен онлайн таанышкыңыз келсе, жадагалса тапшырык кыла турган болсоңуз анда O!Store баскычын басуу менен муну ишке ашырыңыз. “Акциялар” бөлүмүндө биз арзандатуулар жана бонустар жөнүндө учурдагы бардык “кайнаган” сунуштар менен тааныштык.

Тиркеменин кошумча мүмкүнчүлүктөрү “гамбургер”-баскыч (солдогу үстүңкү бурчтагы “катталган” үч сызык) менен ачууга мүмкүн боло турган меню аркылуу жеткиликтүү болмокчу. Мисалы, сиз картадан жакын жайгашкан О! кеңселерин, акысыз буюртмалардын тизмесин, детализациясын көрө аласыз, эң көп берилүүчү суроолорго жооп ала аласыз жана эң башкысы, онлайн-оператор менен дароо байланыша аласыз.

Дароо азыр жаңыланыңыз!


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: