Элчилик: "Сахалинде заводдун чатырынын алдында калып каза болгон жарандын аты-жөнү такталбай жатат"

Сахалинде заводдун урап түшкөн чатырынын алдында калып каза болгон Кыргыз жаранынын аты-жөнү такталбай жатканын SUPER.KG'ге 20-августта Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигинен кабарлашты. Элчиликтин басма сөз катчысы Гүлбарчын Байымбетованын айтымында, учурда анын жансыз денеси Поронайск районундагы өлүк сактоочу жайда сакталууда.
"Жаракат алган адамдардын аты-жөнү такталды. Ал эми каза болгон жарандын аты-жөнү тактала элек. Элчиликтин, Миграция кызматынын өкүлдөрү, ардактуу консул кырсык болгон аймакка кетишти", - деди Байымбетова.
Ошондой эле Байымбетова каза болгон жарандын туугандары да табылбай жатканын кошумчалады.
Кырсык 19-август күнү күндүзү Орусиянын Сахалин облусундагы Поронайск районунда болгон. Анда 10 Кыргыз жараны иштеп жаткан эски заводдун чатыры түшүп кетип бир Кыргыз жараны каза болуп, 5 адам жаракат алган. Эки жаран аман калган болсо, дагы эки адамдын абалы белгисиз болуп жаткан. Жаракат алгандар ооруканага жеткирилип, биринин абалы өтө оор экендиги айтылган. 20-августта куткаруу иштери улантылып, уранды алдында калган жарандын биринин жансыз денеси табылып, бирок басып калган жүктүн көлөмү чоң болгондуктан чыгарып алуу кыйынчылык жаратып жатканы кабарланган.
Факты боюнча Орусиянын мыйзамдарына ылайык, кылмыш иши козголуп, окуянын чоо-жайы териштирилип баштаган.
Элчилик: "Сахалинде кулаган чатырдын алдында калып каза болгон жарандын аты-жөнү такталбай жатат"






1 |