super.kg logo

МЕДИА-ПОРТАЛ: "Мечитте эл намаз окуп жатканда камера менен иштөө ыңгайсыздыкты жаратат экен" дейт ырчы Руслан Абылов

 

"Мейли тагдыр мага башың ийбегин, мейли тагдыр камыр кылып ийлегин, бирок ата-эне, бир тууганыма тийбегин" деген ыр саптарын укпагандар Кыргыз өлкөсүндө жок чыгар. Кандай кыйынчылык күндөр болсо да сабырдуулук менен жеңип чыгууга үндөгөн Маматибрагим Бостонкуловдун "Тагдыр" аттуу ырын жаш ырчы Руслан Абылов кайрадан ырдап чыгып, клип тарттырган. Ырчы мырза баш каарман кылып өз апасын тартканын жана клип тартуу учурундагы кызыктар тууралуу төмөнкүлөрдү айтып берди.

"Бул ыр апамдын эң жакшы көргөн чыгармаларынын бири болгондуктан ырдап чыгуу сунушун апам киргизген. Клип тартууга келгенде, эненин ролуна актриса издеп отурбай апамды тартканбыз. Бир туугандардын ролун досторум Бакыт жана Адилет аттуу "тамашоучу" балдар ойногон. Клип 2012-жылы Бишкек шаарында тартылган. Клип тартуу идеясы, сценарийи өзүмө таандык. Ырда айтылган ар бир сөзүнө басым жасап, ырды толугу менен ачып бергим келди. Клиптин сценарийинде апасы, бир тууганы ооруп кыйналышат эмеспи. Ошондон улам көп адамдарга "апасы ооруп, кыйын күндөр башына келгенде тарткан экен" деген ой келиши мүмкүн. Бирок, Кудайга шүгүр, апамдын ден соолугу жакшы, жөн гана сценарийге ылайыктап тартканбыз. Клип тартуу учурунда бир кадр мечиттин ичинен тартылышы керек эле. Мечитте эл намаз окуп отурганда камера менен кирип тартуу бир аз ыңгайсыздыкты жаратат экен. Баарынан кызыгы, актёр балдарды ыйла десең ыйлап, күл десең күлүп, намаз оку десең намаз да окуп беришет экен. Ал эми мен ыйлай албай кыйналгам. Көзүмдөн жаш чыкпай, пияздын ширесин көзүмө тамчылатышкан. Ошол пияздан улам кызарган көзүм менен клип акырына чейин тартылып бүткөн".

"Тагдыр" ырына тартылган клипти бул жактан көрө аласыз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(9)
20.08.2018. 19:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эртең намаз канчада окулат экен,жазбадыңар го Супер
20.08.2018. 19:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ilgizk,жазылдыго тууган
20.08.2018. 19:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
muni.98-98,мен окубай калыпмын качан жазылды
20.08.2018. 20:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Диндин артына жамынып алып арабтардын геосаясатын ишке ашырып жаткан молдолорго Соке катуу чара коруш керек.
Mirlan27011987 түзөттү 2018-08-20 20:48:25
20.08.2018. 21:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Mirlan27011987,бирок бугун эртен
бул темада талаш тартыштын кереги жок
жок.улуу кундо бирибизге бирибиз
урмат сый корсотолу
20.08.2018. 22:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Mirlan27011987, президент озу намаз окуйт,абайлап жаз.
20.08.2018. 23:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Mirlan27011987, эртең таза болуп жуунуп, даарат алып эрте менен 7:00гө мечитке барып, бир аз болсо да дин жөнүндө түшүнүк алып жүрөктөрдү тазалап алышыңды сунуш кылам.
20.08.2018. 22:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Клипти мечитте тарткандарга тушунбойм, озу чыныгы жашоодо мечитке баргансынарбы?!
20.08.2018. 23:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Женил ойлуулук! Эмнеге чон аалым инсандарыбыздан кенеш албайсынар?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: