Европадагы 2018-жылдын мыкты футболчусу наамын Роналду, Салах же Модрич алат

Европанын футбол ассоциациялар бирикмеси (УЕФА) континенттеги жылдын мыкты футболчусу наамына ат салышып жаткан үч футболчунун атын атады.
Расмий маалыматка караганда, үчтүккө "Ювентус" футбол клубунун жаңы чабуулчусу, португалиялык Криштиану Роналду, "Ливерпулдун" чабуулчусу египеттик Мохаммед Салах жана "Реал Мадрид" клубунун жарым коргоочусу хорватиялык Лука Модрич кирди.
2017-2018-сезондо Лука Модрич Чемпиондор Лигасын утуп, Дүйнө чемпиондугунун күмүш медалынын ээси болуп мелдештин мыкты оюнчусу аталган. Криштиану Роналду быйыл карьерасында Чемпиондор Лигасын 5-ирет утуп, 6-ирет мелдештин мыкты чабуулчусу аталган. Ал эми Мохаммед Салах "Ливерпуль" менен Чемпиондор Лигасынын финалына чейин жеткен жана Англия чемпиондугунда 32 гол киргизип рекорд койгон.
Европадагы жылдын мыкты футболчусу 30-августта Монакодо аныкталат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:40
2025-07-06
16:27
2025-07-02
Рейтинг:
0

Месси го Ла лиганы эле алды,
А Гризмандын мээнети бар эле,
Лига европа, Дүйнө чемпиону, Супер кубок УЕФА.
Андай болсо ошол оюн деп роналдынбы маканбы ....... кыскасы каалаганынарды кылгыла
Мен Салах бир Тууганым учун!