super.kg logo
  Спорт  

Жайкы Азия оюндары: Кыргыз суучулдары финалдык жарышка өтө албай калышты

 

Бүгүн, 22-августта Индонезияда өтүп жаткан Жайкы Азия оюндарынын сууда сүзүү боюнча мелдештер уланууда. Анда Кыргыз өлкөсүнөн 3 суучул катышты, алар Денис Петрашов, Владислав Шулико жана Елизавета Рогожникова.

Денис Петрашов брасс стилинде 100 метр аралыктагы жарышка катышты. Петрашов 2-айлампада күч сынашып, 1 мүнөт 2,12 секунд жыйынтыгын көрсөтүп 3-орунду ээледи. Бул көрсөткүч, тилекке каршы, Петрашовго финалдык этапка өтүүгө мүмкүнчүлүк берген жок. Денис Петрашов 32 спортчунун арасында 11-орунга ээ болду.

Владислав Шулико баттерфляй стилинде күч сынашты. Ал 100 метр аралыктагы жарышта 5-айлампада катышып, 55,06 секунд жыйынтыгын көрсөттү. Бул көрсөткүч менен Шулико айлампада 7-орунду ээлеп, финалдык жарышка катышпай калды. Владислав Шулико жалпы 31 спортчунун арасында 21-орунду ээледи.

Елизавета Рогожникова эркин стилинде 200 метр аралыктагы жарышка катышты. Ал 1-айлампада күч сынашып, 2 мүнөт, 7,92 секунд жыйынтыгын көрсөттү. Бул көрсөткүч менен Рогожникова айлампада 6-орунга ээ болуп, кийинки этапка өтпөй калды. Елизавета Рогожникова жалпы 24 спортчунун арасында 15-орунду ээледи.

Айта кетсек, кечээ, 21-августта Денис Петрашов 200 метр аралыктагы брасс стилиндеги жарышка катышып, финалдык бөлүктө 5-орунду ээлеген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: