super.kg logo

"Супер хитке" Кайрат Примбердиев, Бегиштин "Барам кечинде" жана Жоодарбешимдин "Унутам" чыгармасы кошулду

 

SUPER.KG порталынын "Медиа-портал" бөлүмүндөгү "Супер хит" долбоору кыргыз эстрада ырчыларынын видеоклиптерин колдонуучулардын сынына коёт. Сынактын шарты боюнча колдонуучулардын добушу аркылуу 10 клип электен өтүп, ар жуманын жеңүүчүсү аныкталат.

Аптанын шаршемби күнү добуш берүү токтотулуп, кайсы видеокомпозиция канчанчы орунда экендиги жарыяланат. Эң аз добуш алган клип "Супер хиттен" четтетилип, анын ордун жаңы ыр толуктайт.

Бул аптада эң аз добушка ээ болгон жана 3 ирет биринчиликти багындырып, "Сыйлуу тизмеге" кирген эки чыгарманын ордуна Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Кайрат Примбердиев жана рэп аткаруучу Бегиштин "Барам кечинде", Жоодарбешимдин "Унутам" чыгармасы кошулду.

15-АВГУСТТАН 22-АВГУСТКА ЧЕЙИНКИ ДОБУШ БЕРҮҮНҮН ЖЫЙЫНТЫГЫНА КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ

10-орун - Данияр Эрматовдун "Билем, жактырасың" клиби бул аптада эң аз добушка ээ болуп, сынактан четтетилди.

9-орун - Аваз Акимовдун "Жүрөгүм" чыгармасына буюрган.

8-орунду - Самара Каримова менен Юлия Руцкаянын аткаруусундагы "Курбум" клиби камсыздаган.

7-орунда - Айдана Деканын "Жигитке" видеокомпозициясы жайгашкан.

6-орун - Нияз Абдыразаковдун "Келинчек" видеоклибине буюрган.

5-орунду - 60`К тобу, Айя Садырованын аткаруусундагы "Келчи гүлүм" чыгармасы ээлеген.

4-орунду - Съездбек Искеналиевдин "Кызгалдак" чыгармасы камсыздаган.

3-орун - Расул Маматкуловдун "Көрүшкөнчө" видеоклиби алдыңкы үчтүктөн орун алган.

2-орун - Өткөн аптада тизмеге жаңыдан кошулган Айдин Шердин "Толкундайм" клибине буюрган.

1-орун - Алтынай Нарбаева менен Мирбек Атабековдун аткаруусундагы "Мен сени сүйөм, өмүр" чыгармасы эң көп добушка ээ болуп, ушуну менен 3-ирет жеңүүчү аталды. Чыгарма "Супер хиттин" "Сыйлуу тизмесинен" орун алды.

"Күйөрмандарыма башымды ийип таазим этем. Окуучум Мирбек Атабеков экөөбүз чыгармабызды угармандарга тартуулагандан бери көңүл жубатарлык пикирлерин билдирип келишет. Бири "карызымды ойлогондо ушул чыгарманы угуп, бир саамга болсо дагы унутам" десе, бири "адамзаттын гимни" болуп калды дешет. Өнөр адамдары тойлордо көп кызмат кылат эмеспизби, кайсы жакка чакырбасын "Мен сени сүйөм, өмүр" чыгармабызды гана суранышат. Бул чыгарма менен Казакстандын бир канча шаарларына бардым, салтанаттарда ырыбыз жаңырды. Учурда миллиондон ашуун кароолорду топтоп жатат. Буюрса, Мирбек Атабеков экөөбүз дагы дуэт жаздыруунун үстүнөн иштеп жатабыз", - дейт ал.

Сүйүктүү чыгармаңызга добуш берүү үчүн бул шилтемеге баш багыңыз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
22.08.2018. 13:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматтуу админ,жакында кыргыз радиолорунун биринен "Биз экообуз" деген эски ырдын жаны аткарууда угуп жагып калып таппай журом)) сиздерде Токтобубу Черикчиеванын аткаруусунда бар экен,сураныч кошуп коёсуздарбы,тиги ырды бир группа ырдайт экен,жигит менен кыз.
22.08.2018. 14:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nur777,саламатсызбы! Мүмкүнчүлүк болгондо жүктөп коюуга аракет кылбыз, сунушуңузга рахмат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: