Ырчы Адилет Азимовдун көлдүн жээгинде бийкеч менен түшкөн сүрөтү кызуу талкуу жаратты



"Махабат, махабат, күтөмүн махабат..." деп сүйүүсүн издеген эстрада ырчысы Адилет Азимов социалдык тармактагы жеке баракчасына бийкеч менен түшкөн сүрөтүн жүктөдү. Ырчынын күйөрмандары "сүйүктүүсүн тааптыр, бактылуу болгула" деген пикирлерин калтырган. Ырасында эле Адилет Азимов сүйүктүүсүн таптыбы деген суроого ырчынын продюсери Зарина Кыдыралиева жооп берди.
"Сүрөт "Барам, барам" деген чыгармага клип тарттыруу учурунда тартылган. Клиптин башкы каарманы 20 жаштагы Бегимай аттуу модель кыз. Негизи клип тарттыруу үчүн кастинг жарыялаганбыз. Бирок Адилет Бегимайды сунуштап калды. Аткаруу чеберчилигин жактырып, тандап алдык. Учурда клип тарттыруу иштери уланууда. Буга чейин Бегимай менен Адилеттин ортосунда мамиле болгон эмес. Балким, ушул иштешүүдөн кийин экөөнүн ортосунда сүйүү оту жанып калаттыр (күлүп)", - дейт Кыдыралиева.
Азимов репертуарындагы "Сүйүү күчү", Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Гүлнур Сатылганова менен аткарган "Болсочу", Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Алина Жетигенова менен аткарган "Тоо булагым" жана башка чыгармалары менен таанымал.


Гулжигит Сатыбеков мисалы озун эч реклама кылбайт, каяктагы сынактарга да катышпайт. Бирок эл анын ырларын издеп журуп угат. Ал озу ырдын созун жазып, обон жаратып, озу ырдап чыгат. Анын жанында буларын бир кундук ырчы эмей ким?!!
Жакшы ырчы болсо эл озу эле таанып алмак, рекламасы жок эле...
Азыркы бир кундук ырчылар жылына 2-3 жаны ыр жаздырып, клип тартып, анан тойлордо журо беришет. Ошол ырдын же автору эмес, же обонун озу жапатпаган. Даяр ырды эптеп септеп ырдап чыккандар... Клиптери дешевый клип, мааниси жок, ондогон мин доллар коротсо да...
Илгери Бек байке ар жылы 2 альбом ыр жаратчу эле
Мукам уну болсо эмнеге эл тааныбайт ыя? Эмнеге?! Ырчы дейсин, ырчы болсо озун алып журуу этикасын билбейби?!! Адамга окшоп суротко тушконду билбейби?!!
Сыймык байкенин ушуга окшоп кыйшайып ХХХ суротко тушконун элестете аласынбы?!!
Ырчы имиш, репертуарында канча ыры бар, анын канчоосунун автору (созун жазган) жана обончусу озу?!!