super.kg logo

МЕДИА-ПОРТАЛ: Малика Дина: "Ата, сиз айта турган сөздөрдү китептерден окуй албадым"

 

"Медиа-портал" бөлүмүнө ырчы Малика Динанын "Атаке" аталышындагы чыгармасы жүктөлдү. Бул чыгарма ырчынын атасы Абдумалик Шерматовго арналып жазылган. Малика Дина жаңы чыгармасы тууралуу социалдык тармактагы жеке баракчасына мындай билдирүү жазган.

"Жок, ата! Сиз айта турган сөздөрдү китептерден таба албадым. Сизден күткөн сөздөрдү китептен окуй албадым. Менин жашоомдо бир гана апам болду. Күнү-түнү дебей бөпөлөп карап чоңойтту, коргоду. Апам мен үчүн - апа, ата, ага, эже боло алды. Китептеги сөздөр атанын ордун, атанын коргоосу кандай болорун түшүндүрө алган жок. Мен эч нерсеге муктаж эмесмин, анткени апам менин кыялдарымдын баарын ишке ашырды, ашыгы менен бере алды. Кичинекей кезимде көп нерсени түшүнчү эмесмин. Бирок чоңойгон сайын баарын түшүнө баштадым. Менин жан дүйнөм жылдан жылга жабыркап келет. Ата..., биздин башыбызга кыйын күн түшкөндө эмнеге жаныбызда болгон жоксуз? Эмнеге кызыңызды капалантканда башкалардан коргоп калбадыңыз? Бала бакчанын, мектептин босогосунда көзүмдүн жашын толтуруп алып сизди күткөн, издеген учурда кайда жүрдүңүз? Атасынан айрылуу башка иш. Бирок аман-соо болуп туруп кызынын абалына кызыкдар болбогон өтө оор экен. Ооба, адамдардын катачылыгы болгон, боло берет. Биз андай кыйынчылыктардан, катачылыктардан сабак алабыз. Бирок аялы менен күйөөсү эки айрылыш жолго түшсө балада эмне айып? Эгер качандыр бир кезде сизди капа кылсам кечириңиз.

Баланы таштап басып кетип, ары жакта туруп алып анын тарбиясы тууралуу айтардан мурда ошол тарбияны бергиле. Ошондо гана кара жанын карч уруп баласынын, кызынын бөксөөсүн толтуруу үчүн тытынып иштеген, атасынын ордун жоктотпой, түмөн түйшүк менен баккан энелердин дарегине айтылган пикирлер аз болоттур. Бул билдирүү үй-бүлөсү үчүн бекем чеп боло албаган, өзгөчө балдарына татыктуу тарбия бере албаган мырзаларга арналат. Эгер жубайыңар менен чогуу жашоо мүмкүн болбой, пикириңер келишпей жатса дагы балдарыңарды унутпагылачы. Ар бир үй-бүлөдө чептей бекем турган коргоочу болсун!"

Ал эми ырчынын продюсери Канат Кадыржан чыгарма тууралуу буларга токтолду.

"Ооба, бул ырды Малика Дина атасына белек кылып, жан дили менен аткарды. Ырдын обону жаралганда улам оңдолуп жатты. Ырды студияда жаздырып жатканда Маликанын көзүнөн жаш токтогон жок. Аны көрүп өзүм дагы башкача болуп жаттым. Чыгарманын ар бир сөзүн, маанисин жеке эле Маликанын жашоосуна таңуулап жатканыңыздар туура эмес. Мындай тагдыр учурда көп кездешип жаткандыктан, ырчы замандаштарынын жүрөгүнө муза тартуулагысы келди. Аны менен катар мындай окуялар жашообузда болбосо экендигин айткысы келди. Кыскасы, жакшы чыгармалар көп болушу керек. Баса, жакшы ыр 1-2 күндө жаралбайт", - деди продюсер.

Малика Динанын "Атаке" чыгармасын угуу үчүн шилтеме.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(10)
22.08.2018. 19:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
Башынан отту анан эмнеге кызын атасыз кылды озу ???
22.08.2018. 19:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Leili,сынтакпа
22.08.2018. 19:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Абдымалик баланы жаратканды эле билет окшойт.мен ойлойм кызы коз жаш тогуп ыйлап ырдаганы деле эч таасир тийгизбейт болуш керек.
22.08.2018. 22:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Nanei,эми аны айтканда эмне...
22.08.2018. 23:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Алкаш болобу бомж болобу ата деген балага керек. ХХХ ХХХ ХХХ. Малика ишине ийгилик. За то ичиндеги бугуңду чыгарып алыпсын обону бир аз окшошпосо да
Модератор admin_media түзөттү 2018-08-23 10:48:16
23.08.2018. 10:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Benazir08, кимдир-бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынган. Билдирүү түзөтүлдү.
23.08.2018. 03:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Кукук аталарга арналыптыр. Малика бул ырын жакшы бирок сени апандан башка жашайт деп угам, если чын эле ошондой болсо анда сен туура эмес кылып жатасын. Апан тируу кезинде жанында эркелеп колунан жумушун алып кызмат кылып конулун алсан болмок. Байкуш апандын сенден ьашка кимиси бар. Эжен болсо турмушка чыгып кетсе, атанды озун билесин. Хотя бы сен жанында бол.
23.08.2018. 09:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
sirenaaaaa, менин оюмду жазыпсын
23.08.2018. 12:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
sirenaaaaa,менда ушул создорду айтайын дегем.туура
24.08.2018. 01:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тообо ээй ушунчалык кабардарсыңарбы бир тууганыңардын турмушундай билсеңер. Өзү үлгү болуп туруп, анан ырдоо керек дегиле. Биз ырды гана угат экенбиз ырчы саман жеп жатабы топурак жеп жатабы сөз кылбайбыз билбейбиз дагы.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: