Самара Каримова Кыргыз өлкөсүндө миллион катталуучу топтогон алгачкы Инстаграм колдонуучусу болду






Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Самара Каримова социалдык тармактагы популярдуу болгон Инстаграм баракчасында миллион катталуучу топтоду. Кыргыз шоу-бизнесиндеги алгачкы миллион катталуучу топтогон ырчы айым SUPER.KG порталына буларды айтып берди.
"Бүгүн мен үчүн кош майрам болуп жатат. Мындан 5 жыл мурун кызым Даткайым төрөлгөн. Туулган күнгө кошулуп социалдык тармактагы баракчамдагы катталуучулардын саны миллионго жетиптир. Күйөрмандарым менен жакын болуп, байланышта болоюн деген максатта 2015-2016-жылы Инстаграмга катталгам. Бирок миллион катталуучу топтоюн деп аракет кылган эмесмин. Мындай көп катталуучу топтогонумдун эч кандай сыры жок. Болгону жеке баракчама жашоомдогу кызыктуу окуяларды, чыгармаларды, айтор элиме кызык болгон маалыматтарды жүктөп келем. Айрым учурда күйөрмандарыма белектерди ойнотуп, тартуулайм. Мени колдогондорго таазим, ар бир аракетим сиздер үчүн", - дейт ырчы.
Белгилүү болгондой, аталган баракчада катталуучусу миллионго чамалагандардын бири ырчы, алып баруучу жана актриса Анжелика. Учурда анын жеке баракчасында 955 миң катталуучу бар.


Биринин артында ар качан ушак ээрчип журот, каяктагы атасындай болгон кишилер менен кучакташып тушкон суроттору иштернетти аралап таркап. Экинчиси болсо атасындай болгон бирине тийип алып, всеми возможными способами озун пиарлап журот, биринен бири отуп...
Уят, уят...
Мышыгы тууп койсо да элге суйунчулоп жоношот...
Тигине, озун реклама кылбай бир жакшына журот эл суйгон ырчылар, мисалы Бек байке, Гулжигит Сатыбеков ж.б. Мына ошолорду чыныгы ырчы, обончу, аткаруучу, эл суйгон, эл баалаган ырчылар десе жарашат...Ал эми Анжелика менен Самаранар аман эле болушсун да... Элдин копчулугунун короорго козу жок, ушул эки келинди
Башкысы эл бааласын, бирок эл бааласа ошончо негатив пикирлер жаайт беле?!!
Самара наам алды ар кимдин ырын ырдап журуп... Ошол наамга татыктуумунбу деп бети кызарып да койбоду...
Омуру музейде иштеп корбой туруп музей директору боло калыптыр, Асандын жардамы менен... Эл ачык нааразы боло баштаганда айла жок директорлугун кайтарып берди...
Азыр акчан болсо эле, кресло сунуштап жатат, мээси барбы жокпу карабай эле.....
Самара озу ойлонбойбу акылы болсо, мен директор болууга татыктуумунбу, директорлук талаптарга жооп беремби деп..
Туура, мен директор боло албайм. Директор болуу учун кеминде 7 жыл музей кызматкери болуп иштоо керек. А мен аны каалабайм. Же акча бериш керек. А мен коррупционер эмесмин, ХХХ ХХХ
Бир тааныш иним айтты эле, ошондой кылып подписчиктеримди озум эле кобойтуп алдым жасалма кылып деп...
Саны миллион да лайк 5,6мин эле,просмотров 20мин кантип болсун.Ачык эле айтпайбы кызымы торогон кунумо озумо подписчик подарок кылдым деп.
Эми азайып,отписаться этип кетишип уят болбосоле болду)