super.kg logo
  Спорт  

Жайкы Азия оюндары: Жаа атуу боюнча мелдеште Кыргыз спортчусу Асел Шарбекова жарым чейрек финалга өтө албай калды

 

Бүгүн, 23-августта Индонезияда өтүп жаткан Жайкы Азия оюндарынын алкагында жаа атуу боюнча мелдеш орун алууда.

Анда Кыргыз өлкөсүнөн Асел Шарбекова, Айтурган Маматкулова жана Улукбек Курсаналиев катышты. Спортчуларбыз 1/32 финалдык баскычтан баштап күч сынашты.

Асел Шарбекова алгачкы беттешинде Бириккен Араб Эмираттарынын спортчусу Алия Алахмед менен кездешти. Беттештин алгачкы 2 бөлүгүндө Шарбекова 2:0, 2:0 эсеби менен жеңишке жетип, 3-бөлүктө Алия Алахмед 0:2 эсеби менен утуп жалпы эсепти 4:2 кылды. 4-бөлүктө Асел Шарбекова кайрадан мыктыраак болуп 2:0 эсеп менен утту. Жыйынтыгында эсеп 6:2 болуп, Асел Шарбекова жеңишке жетти.

1/16 финалда Асел Шарбекова вьетнамдык Лок Дао менен күч сынашты. Беттештин жыйынтыгында 4:6 эсеби катталып, жеңишти вьетнамдык спортчу илип кетти. Муну менен Дао мелдештин жарым чейрек финалына өтсө, Асел Шарбекова мелдештен четтеп калды.

Айтурган Маматкулова алгачкы беттеште Гонконгдун спортчусу Ву Ян менен кездешти. Беттештин жүрүшүндө Маматкулова 2 бөлүктө жеңишке жетип 1 бөлүктө атаандашы менен тең чыкса, Ву Ян 3 жолу жеңишке жетип, жалпы эсепте 5:6 менен гонконгдук спортчу 1/16 финалга өттү.

Улукбек Курсаналиев 1/32 финалда мьянмалык Нтике Лин менен күч сынашып, 3 бөлүктө тең 0:2 эсебинде утулуп, мелдештен четтеп калды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: