super.kg logo
  Спорт  

Жайкы Азия оюндары: Кыргыз спортчусу пенчак-силат боюнча мелдештин жарым финалына чыкты

 

Индонезияда өтүп жаткан Жайкы Азия оюндарынын пенчак-силат боюнча мелдешинде Кыргыз спортчусу Жолдошбек Акимканов жарым финалга өттү.

Жолдошбек Акимканов 70 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, алгачкы беттешинде пакистандык Умер Фарук менен кездешти. Беттештин жүрүшүндө Акимканов мыктыраак болуп, 5:0 эсеби менен жеңишке жетти. Бул жеңиш менен Жолдошбек Акимканов жарым финалга өтүп, анда малайзиялык Жамари Аль-Жуффери менен кез келет. Акимканов жарым финалда жеңишке жетсе алтын үчүн күрөшкөнгө мүмкүнчүлүк алат. Эгерде жеңилип кала турган болсо Кыргыз спортчусу коло медалдын ээси болот.

Ошондой эле эркектер арасындагы мелдеште Кыргыз өлкөсүнөн Туратбек Сулайманкул уулу жана Алмазбек Замиров, кыз-келиндер арасындагы мелдеште Михринса Ниязова менен Алина Камалова катышкан. Бирок алар алкачкы беттешинде эле жеңилүү ызасын тартып, мелдештен четтеген.

Маалымат үчүн: Пенчак-силат - Индонезиядагы байыркы уруш өнөрү. Анда бут жана кол менен сокку узатканга, түрдүү ыкма аркылуу жыгылтып, көтөрүп чабууга уруксат берилет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
24.08.2018. 19:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ийгилик каалайбыз сен да алтын тагыны тууганым Аллах өзү колдосун
24.08.2018. 22:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уверенно коло медаль бар экен да
24.08.2018. 22:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ali-han, Уверенно алтын медаль болсун
24.08.2018. 23:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
dair_17,Эми алтын болбой калса уверенно коло бар экен дегеним да тууганым. Буйруганы болот!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: