super.kg logo

Ысык-Көлдө кош бойлуу келинди салып бараткан "Тез жардам" унаасын жеңил машина келип сүздү. Кырсыктан 5 адам жаракат алды

 

Бүгүн, 24-август күнү "Тез жардам" унаасы кош бойлуу келинди Каракол шаарынан Бишкекке алып бара жатып жеңил машина менен кагыша кеткени кабарланган. Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов кырсык Чолпон-Ата шаарына жакын жерде болгонун тастыктап, андан 5 адам жаракат алганын кабарлады.

Алдын ала алынган маалыматтарга караганда, Бактуу Долоноту айылынын тургуну Тойота-Превия үлгүсүндөгү унаасы менен бейтапты салып бараткан "Тез жардам" унаасынын артынан келип сүзүп кеткен.

"Натыйжада "Тез жардам" унаасы жолдон чыгып кетип, ичинде жалпы 4 адам жаракат алган. Ошондой эле Тойота-Превия унаасынын айдоочусу өзү да жаракат алып, баары Чолпон-Ата шаарындагы ооруканага жаткырылды. Алардын абалы канчалык оор экени бизге белгисиз", - деди Усубакунов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(3)
24.08.2018. 21:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
АЛЛАХ шыпаасын берсин
24.08.2018. 22:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тайотанын айдоочусун күнөөлүү болсо катуу жазалаш керек
25.08.2018. 20:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жол бошотсо болмок бизде куноо болот
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: