ТЕСТ: Жүүнү тирүү адамсызбы? Жообун билүү үчүн тестке баш багыңыз
Тийиштүү ойду курч, элестүү берүү жөндөмү кыргыздын канында бар. Бирок азыркы күндө кыргыз элинин таамай айтылган курч сөздөрү заман талабына ылайык колдонулбай, унутулуп бара жаткандай. Фразеологизмдер кыргыз элинин сөз байлыгын түзүп турган эң мыкты тилдик каражат болуп, ата-бабаларыбыз ар бир сөзүндө колдонуп келишкен. Келиңиз, окурман, эне тилибизде шатырата сүйлөй алам десеңиз тесттен өтүп, өзүңүздү сынап көрүңүз.
кошулду
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
Жоон моюн. Бул сөз кандай адамдарга карата айтылат?
Кыргызда эч кимди тоготпой, менменсинип жүргөн адамдарды жоон моюн деп коюшат. Асан жаш туруп, эмитен эч кимди тоготпой менменсинип жүргөн жоон моюн бала.
Кийинки суроо
Абдан семиз адамдарга карата
Эч кимди тоготпоо, менменсинүү
Эр жүрөк, баатыр
Кур ооз деген кандай мааниде колдонулат?
Куттуу үйдөн кур ооз чыккан болбойт, бул ата-бабадан келе жаткан салт. Кыргыз элинде үйгө келген кишиге нан ооз тийгизүү салты бүгүнкү күнгө чейин колдонулуп келет.
Кийинки суроо
Үйдөн эч нерсе ооз тийбөө
Эч нерсе сүйлөбөө, унчукпоо
Оозунан жакшы сөз чыкпоо
Уучу куру эмес деген сөз айкашы кандай мааниде колдонулат?
Уучу куру эмес - бул артында тукумун улоочу баласы бар, туягы бар деген мааниде айтылган сөз айкашы. Кыргыздын уучу куру эмес, мекенин алыска тааныта турган эр азамат уулдары бар.
Кийинки суроо
Баары жетиштүү деген мааниде
Баласы бар, туягы бар деген мааниде
Эч нерсеси жок деген мааниде
Алмагүлдүн башы оор неме көрүнөт. Башы оор деген сөздүн мааниси...
Бул сөз айкашы токтоо, оор басырыктуу деген маанини түшүндүрүп, көбүнчө токтоо кыздардын мүнөзү катары сыпатталат. "Келиндин башы оор неме көрүнөт, жакшы бүлө болгудай" деп эне ичинен кубанат.
Кийинки суроо
Башы чоң
Акылсыз, начар
Токтоо, оор басырыктуу
Көкүрөгү тунук бул сөздүн маанисин билесизби?
Акылдуу, зээндүү адамдарды көкүрөгү тунук деп айтышкан. Токтогул акындардан туйгун болгон,
Көкүрөгү тунук акын - булбул болгон.(Барпы)
Кийинки суроо
Акылдуу, зээндүү
Мээримдүү, күйүмдүү
Ичи тар, кошоматчы
Кур чирен бул сөз кимдерге карата айтылат?
Эшмат таянар тоосу жок эле мактана берген аябай кур чирен адам.
Кийинки суроо
Абдан сараң кишилерге карата айтылат
Артында таяна турган эч нерсеси жок эле мактана берген адамдарга карата айтылат
Абдан намыскөй адамдарга карата айтылат
Куурай башын сындырбоо. Бул фразеологизмдин мааниси кандай?
Бул сөз айкашы көбүнчө жалкоолонуп, эч нерсе кылбай жата берген адамдарга карата айтылат. "Ой, ал өлгүчө убакыт берсең да куурай башын сындырбайт" деди Акылбек.
Кийинки суроо
Аяр мамиле кылуу
Аябай шашуу
Эч нерсе кылбоо
Өсүп, жетилүү, чоңоюу деген сөздөргө туура келген фразеологизмди табыңыз...
Канат куйругу жетилүү - баралына келүү, өсүп жетилүү, чоңоюу, торолуу деген мааниде айтылган сөз айкашы. Шакиртиңдин канат куйругу жетилиптир, өз алдынча коё берсеңчи.
Кийинки суроо
Канат куйругу жетилүү
Кырк чач өрдүрүү
Уядан учуу
Жырык ийнесин албоо дегенди кандай түшүнөсүз?
Эч нерсесине тийбөө, эч нерсесин албоо деген маанини түшүндүрөт. Апам бирөөдөн уруксатсыз жырык ийнесин да албоону көп айтчу эле.
Кийинки суроо
Эч нерсесине тийбөө
Жактырбоо
Бир нерсеге жоопкерчилик албоо
“Эрмегимдин жүүнү тирүү, ушундан бирдеме чыгат” деп атасы өзүнчө кыялга батат. Сүйлөм кандай мааниде айтылган?
Жүүнү тирүү - бул фразеологизм жүрөгү курч, эч нерседен коркпогон, тайманбаган адамдарга карата айтылат.
Кийинки суроо
Абдан эмгекчил
Жүрөгү курч, эч нерседен тайманбаган
Шайыр, таланттуу
Жөн эле турган Байышты, Жаныш келип бир сайды. Маанисин чечмелеңиз....
Кыргыз эли сөзгө чебер болгондуктан бир адам бирөөгө тийишип жатканын көрсө, "жөн эле турган Байышты, Жаныш келип бир сайды" деп айтышкан.
Кийинки суроо
Жөн турган адамды түртүп кетүү
Жөн турган адамды жазалоо
Жөн турган адамга тийишүү
Ийин жандырбоо. Бул фразеологизмдин маанисин билесизби?
Ийин жандырбоо - бул фразеологизм көңүлүн калтырбоо, уят кылбоо, шагын сындырбай сураганын берүү, айтканына макул болуу маанисинде колдонулат. Мисалы: Ийин жандырбаңыз, шагым сынбасын.
Кийинки суроо
Көңүлүн калтырбоо
Убадасына турбоо
Алдап коюу
“Элек издеп эрге тийип” деген сөздүн маанисин билесизби?
Бирөөнү жумшаганда кечке жоголуп кеткенде "элек издеп эрге тийип" кеттиңби деп айтышат. Ай, Айша, кайда жоголдуң, элек издеп эрге тийип кеттиңби?
Кийинки суроо
Кайдан-жайдан эле турмушка чыгып кетүү
Жөн эле бир жакка кетип калуу
Бирөөнү жумшаганда кечке жоголуп кеткенде айтыла турган сөз
Колтугуна суу бүркүү....
Колтугуна суу бүркүү - бул фразеологизм бирөөнү тымызын көкүтүү, тукуруу маанисинде колдонулат.
Кийинки суроо
Сууну оозуна куюп колтугуна чачуу
Бирөөнү тымызын көкүтүү, тукуруу
Бирөөгө кошомат кылуу
Оор ишке кол тийгизбеген, кара жумуш кылып көнбөгөн, андай иштен кача турган жалкоо адамды эмне деп айтабыз?
"Балам, шаарда эч нерсе кылбай жүрүп ак кол болуп бараткансың го" деди Бердибек аксакал уулуна карап.
Кийинки суроо
Ак кол
Чоркок
Кара кол
"Гүлсарат", "Ак кеме"... Айтматовдун чыгармаларын унута элексизби?
Сиздин упайыңыз
70
Туура жооп: 9
Ката жооп: 5
Жалпы: 14 суроо
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
2, 6, 8, 13, 14, 15 туура эмес болуп калды