super.kg logo

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары MegaCom компаниясынын колдоосу менен өтөт

 

Дүйнө эли сереп салып турган маданий-спорттук иш-чаранын ачылышына саналуу гана күндөр калды. Кыргызстанда өткөрүлө турган III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын башкы демөөрчүсү – MegaCom компаниясы.

Көчмөндөр оюндары 2018-жылдын 2-сентябрынан 8-сентябрына чейин кереметтүү Ысык-Көлдүн жээгинде, көргөн адамдын көз жоосун алган табигат койнунда болуп өтмөкчү. Чолпон-Ата шаарынын ат майданында дүйнөнүн чар тарабынан келген меймандарды театралдаштырылган оюн-зоок программасы күтөт. Алыстан ат арытып келген ар бир мейманды көчмөндөр турмушу, тарыхы жана маданияты кайдыгер калтырбайт.

Кырчын жайлоосунда миңдеген боз үйлөрдөн турган этномаданий шаарча жайгаштырылып, көчмөн элдердин салттуу спорттук оюндары боюнча мелдештер уюштурулат. Комузда кол ойнотуп, тоо жели менен жарыша ат жалында ойногон эр жигиттерибиз өз өнөрлөрүн көрсөтүшүп, таймаштар көрүүчүлөрдүн сүрөөндөрү менен коштоло тургандыгы бышык.

"2014-жылы болуп өткөн Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары этно-спорт боюнча эң ири эл аралык турнир катары дүйнө коомчулугунун эсине калды. Мындай бараандуу иш-чаранын мекенибизде, болгондо да Кыргызстандын бермети болгон Ысык-Көлдүн жээгинде өткөндүгү биз үчүн чоң сыймык. Быйыл спортчулар спорттун 37 улуттук түрү боюнча ат салышып, оюндар алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдүн жүздөгөн массалык маалымат каражаттары аркылуу чагылдырылат жана бир жарым миллиардга чамалуу көрүүчүлөр көрө алышат. Мамлекеттик ири уюлдук оператордун MegaCom компаниясынын Кыргызстан үчүн өзгөчө мааниге ээ болгон иш-чараны көз жаздымда калтырбагандыгы, ага колдоо көрсөтүп жаткандыгы кубанычтуу", – деп белгилей кетти III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүү жана өткөрүү секретариатынын жетекчиси Нурсултан Аденов.

MegaCom тарабынан атайын «Көчмөн» универсалдуу тарифи ишке киргизилип, иш-чаранын меймандары жана катышуучулары мобилдик байланыш кызматтарынан ыңгайлуу шарттарда колдоно алышат. Мындан тышкары, компаниянын техникалык адистери тарабынан түйүндүн сыйымдуулугун арттыруу боюнча бир катар жумуштар аткарылып, жаңы базалык станциялар орнотулду. Спорттук оюндар өтүп жаткан маалда ат майдандын аймагында Сатуу жана тейлөө борборлору, промоутерлердин мобилдик топтору иштейт.

"Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө колдоо көрсөтүү MegaCom компаниясы үчүн салтка айланып калгандай. Оюндар аркылуу дүйнө эли көчмөндөр цивилизациясынын маданияты, тарыхы менен тааныша алышат. Мындай маанилүү иш-чарага демөөрчү болуу менен, дүйнө жүзүндөгү көчмөн элдердин тарыхый-маданий мурастарын көздүн карегиндей сактоого, эң башкысы өлкөбүздүн өнүгүшүнө өз салымыбызды кошуп келебиз", - деген ою менен бөлүшө кетти MegaCom компаниясынын башкы директору Азат Базаркулов.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюну алгачкы жолу 2014-жылы өткөрүлгөн. Көгүлтүр Ысык-Көлдүн жээгинде болуп өткөн оюндарга 19 өлкөнүн өкүлдөрү катышкан. Алар: Азербайжан, Австрия, Афганистан, Белорусия, Бразилия, Германия, Казакстан, Кыргызстан, Литва, Монголия, Россия, АКШ, Тажикстан, Түркмөнстан, Түркия, Өзбекстан, Франция, Швеция, Түштүк Корея.

2018-жылы өтө турган иш-чара ары масштабдуу да, ары кызыктуу да болушу күтүлүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
24.08.2018. 19:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Оюнду Мегаком каржыласа, анда эмне казынадан жуздогон миллиондорду алып сапырып жатасынар?!!

Эки жолу Кочмондор оюнун откордунор, кана ошонун пайдасы?!! Кана дуйно Кыргызстанды таанып, Кыргызстан онолуп кеткени?!!

Бул болгону казынадан акча уурдоонун бир амалы деп эле ачык айтсанар болбойбу?!!

ЖЭБде бир аттиш 600$, бир огнетушитель 1500$ корсотулгон сыяктуу бир мусорный бак 6000 сомдон болуп мусорный бакка эле 1-2 миллион кетет имиш. 50 000 сомдук туалетте
24.08.2018. 19:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
50 000 сомдук туалеттерди 300 000 сомдон эсептешет имиш... Бул пока баш алышы. Алдыда толтура сюрприздер бар, кантип казынадан акча уурдоо боюнча... Кыскасы Кочмондор оюнун шылтоолоп дагы жуздогон миллиондор уурдалаары турган иш...

Дагы Соке коррупция менен курошомун деп купулдоп коет. Элдин "кочмондор оюну керек эмес" деген талабы Сокеге жетсе керек, болгону укса укмаксан, билсе билмексен болуп отурат да Соке, эл менен эсептешпей... Бул учун жооп берээр кун да келет.
24.08.2018. 19:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Быйыл Кыргызстан кайсыл мамлекетке откозуп береби же кандай , бул тууралу маалымат барбы Супер ?
24.08.2018. 21:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Elaigun1991, Кыргызстан "Кочмондор оюнун" башка олкого откоруп берсе, бийлик казынадан акча уурдоо боюнча бир чон мумкунчулугунон ажырап калат го?!!

Ар жолу "Кочмондор оюнун" откоргондо, бийлик башындагылар менен уюштурууучу топтун башындагылар бир нече жуз миллиондон миллиардка чейин акча уурдап алат, кочмондордун шылтоосу менен, Бишкек ЖЭБте бир аттишти 600$ корсотуп акча уурдашкан сымал...

Ошого олуп кетсе да бербей оздору откоробуз деп чыгышат, дагы 2 жылдан
Frunze2 түзөттү 2018-08-24 21:10:13
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: