super.kg logo

Кыргыз-Орусия өнүктүрүү фонду өз дарегине жана Кубанычбек Кулматовго карата айтылган айыптоолорго жооп берди

 
Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун учурдагы башчысы Эркин Асрандиев

"Кыргыз-Орусия өнүктүрүү фондунун мурдагы башчысы Кубанычбек Кулматов жана анын жардамчысы Эркин Асрандиев "Брид" компаниясынын канаттуулар фабрикасын мыйзамсыз тартып алышкан деген маалымат жалган". Бул тууралуу аталган фонддун учурдагы башчысы Эркин Асрандиев SUPER.KGʹге билдирди.

Ал өз сөзүндө айыптап жаткан тараптын бардык пикирин атайын документтердин негизинде жокко чыгара ала турганын айтты.

"Брид" компаниясы Кыргыз-Орусия өнүктүрүү фондунан насыя алууда канаттуулар фабрикасын 2 миллион 700 миң долларга күрөөгө койгон. 2016-жылдын аягында негизги суммасын төлөө мөөнөтү келгенде компания акчаны төлөй албай калган. Мындан улам фабрика биздин кызматкерлер тарабынан текшерүүгө алынган. Натыйжада насыя алуу учурунда көрсөтүлгөн документтеги абалы менен текшерүүдөгү абалы эки башка болуп чыккан.

Ошондон кийин компаниянын ээси Владимир Хегай менен жолугушуу өткөрүлгөн. Анда "Брид" компаниясы карызды төлөй албай жана канаттуулар ишканасын иштеткенге мүмкүнчүлүгү жетпей тургандыгы аныкталган. Мындан улам ишкананын ээсинин өз ыктыярынын негизинде мүлк фонддун карамагына өткөрүп берилсин деген жыйынтыкка токтолгонбуз.

Ошол учурда компаниянын карызы 2 миллион 800 миң доллардан ашык болчу. "Брид" компаниясынан ээси Владимир Хегайдын макулдугу менен ишкананы карыз болгон 2 миллион 800 миң долларга баалап, мыйзам чегинде нотариалдык жактан тастыкталып, мамлекеттик каттоодон өткөрүлүп, фонддун карамагына мыйзам чегинде ыйгарылган.

Компаниянын жактоочусу тарабынан менин жана Кубанычбек Кулматовдун дарегине айтылып жаткан айыптоосу негизсиз. "Брид" ишканасынын өнөктөштөрү жана жактоочусу биздин үстүбүздөн тиешелүү жактарга арыз менен кайрылып келишет. Кайрылгандардын арасында Владимир Хегай жок. Анткени ал өз ыктыяры менен ишкананы өткөрүп берген. Бирок жактоочу Хегайдын тил катын далил катары колдонуп келет", - деп жооп берди Асрандиев.

Бүгүн, 27-августта "Брид" компаниясынын өнөктөштөрү жана жактоочусу маалымат жыйын өткөргөн. Алар Кыргыз-Орусия өнүктүрүү фондунун мурдагы башчысы Кубанычбек Кулматов жана жардамчысы Эркин Асрандиев компанияга караштуу канаттуулар фабрикасын мыйзамсыз тартып алышканын айтышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(2)
27.08.2018. 20:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бул фонд болбогон эле нерсе бир эле адамга эки миллион доллар бербей коп адамдарга 200 мин сомдон берсенер миндеген адамдар бутуна турмак дагы кыргыз орус онуктуруу дейт силерден акча алып байыган карапайым эл жок го дейм
27.08.2018. 20:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кулматов бул фонддо иштейби иштебейби беш колун салып, жеп ичкенин элдин баары билет. Мамлекетти тоногону үчун керт башы менен жооп берсин.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: