Бишкектеги "Ата-Түрк" паркында чыккан өрт 4 саатка жакын убакытта өчүрүлдү

Бишкектеги "Ата-Түрк" паркында чыккан өрт дээрлик өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматы SUPER.KG порталына кабарлады. Бүгүн, 28-августта аталган парктагы ачык аянттагы кургак чөп күйүп жатканы маалымдалган. Белгилүү болгондой өрт саат 16:15 чамасында чыккан.
"Саат 20:10го карата өрт дээрлик өчүрүлдү. Азыркы тапта ӨКМнын өрт өчүрүүчү 2 бригадасы жеринде ишин улантып жатат. Алар өрттүн жайылышына жол берген жок. Азыр аянттагы айрым түтөп жаткан жерлерди текшерүү, күйүп кетүү коркунучу болсо аларды толугу менен өчүрүү иштери жүрүүдө", - деди министрликтин маалымат катчысы.
Парктын 2 миң чарчы метриндеги кургак чөп менен кошо бак-дарактар да күйүп кеткен. Өрттүн себеби азырынча белгисиз.
кошулду
Бишкектеги "Ата-Түрк" сейил багында өрт чыкты
Автор: Нурсултан Нурболот уулу
Оператор: Руслан Алыбаев
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
zevs

28.08.2018. 22:43
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Orttop buttunorbu kana emese akchasy bar chondor ocheredke turgula owol orttolgon jerler jakynda bolnup satylat. Bul dele bir chondun kyzykchylygy bolso kerek. Ulandy bolso jok kyldynar emi silerde ech kim tekwerbeyt. Kaalagancha jey bergile tonop.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.