Камчыбек Ташиев УМККнын ооруканасынан СИЗОго которулду
20-ноябрь күнү кечинде депутат Камчыбек Ташиев УМККнын госпиталынан СИЗОго которулду. Бул тууралуу УМККнын аскердик-медициналык кызматынын башчысы Нияз Алдашев билдирди. Анын айтымында, депутаттын ден соолугу канааттандырарлык. Белгилей кетсек, Камчыбек Ташиев кургак ачкачылык жарыялоосунан улам ден соолугу начарлап, 19-октябрда УМККнын госпиталына жаткырылып, 22-октябрда ал ачкачылык кармоону токтоткон.
Автор: Автандил Добулбеков
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:19
2026-02-13
12:9
2026-02-13
11:05
2026-02-13
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















