250 сомдон 1 миң 500 сомго чейин. Футбол боюнча Кыргыз курамасынын Палестина, Сирияга каршы беттештерине билеттер сатыла баштады

Футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасынын Палестина менен Сирияга каршы жолдоштук беттештерине билеттер сатыла баштады. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргыз Республикасынын футбол федерациясынан билдирди.
Аталган беттештерге билеттердин баасы белгиленген тилкеге жараша 250, 350, 500 жана 1 миң 500 сом болот. Билеттерди стадиондун кассасынан күн сайын саат 11:00дөн 20:00гө чейин сатып алууга болот.
Палестинага каршы беттеш 6-сентябрда орун алса, Сирияга каршы беттеш 10-сентябрда өтөт. Беттештер саат 20:00дө башталат.
Кыргызстан- Палестина, Сирия
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:40
2025-07-06
16:27
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.