super.kg logo

Азербайжанда түрк тилдүү өлкөлөрдүн адабият, маданиятынын абалы талкууланды

 

Азербайжандын Баку шаарында тектеш түрк элдери арасындагы маданий жана адабий алаканы бекемдөө максатында конференция болуп өттү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргыз өлкөсүнүн атынан барган Акжол Доранбек уулу билдирди.

Акжол бул иш чарага "Нурборбор" чыгармачылык академиясынын мүчөсү, жаш акын катары чакырылган.

Конференция 25-28-август күндөрү Азербайжандын Баку шаарында болуп өтүп, Азербайжан, Түркия, Кыргыз мамлекети, Казакстан, Өзбекстан, Якутия (Саxа), Түндүк Кипр өлкөлөрүнөн барган маданият, адабият өкүлдөрү катышкан.

"Конференциянын жүрүшүндө ар кыл мамлекеттин өкүлдөрү өздөрүнүн өлкөсүндөгү өкмөттүк эмес маданий уюмдардын ишмердүүлүгү тууралуу баяндап, тектеш түрк элдери арасындагы маданий карым-катнашты өнүктүрүү моделдерин, идеяларын ортого салышты. Мен биздеги жаштар адабиятын, анын учурдагы күнгөй-тескей жактарын кеп кылып бердим. Иш-чаранын негизги максаты да ошол тектеш түрк элдеринде адабият кандай багытта бара жатканын ортого салуу болчу.

Иш-чаранын алкагында, Азербайжан педогогикалык университетинин ректораты, Азербайжан мамлекеттик маалымат борборунун кеңеши, Сумгайт облустук жазуучулар союзунун өкүлдөрү жана белгилүү акын-жазуучулар менен кезигишүүлөр болду.

Жолугушуунун негизги максаты адабий алаканы чыңдоо, аны өркүндөтүү болду. Мындай иш-чараларды уюштуруу менен адабиятты колдоону, жаштарга китеп окутууну колго алса болот. Биз катышкан конференция мамлекет тарабынан уюштурулуптур. Биздин өлкөдө да өкмөт адабиятты өнүктүрүү максатында иш-чараларды уюштуруп турса өлкө келечеги үчүн пайдалуу болмок", - деди Акжол Доранбек уулу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: