"Биллди өлтүрүү" тасмасындагы ролу менен белгилүү болгон Дэрил Ханна 57 жашында биринчи ирет турмушка чыкты





Голливуд жылдыздарынын бири актриса, продюсер жана режиссёр Дэрил Ханна 57 жашында алгачкы ирет турмушка чыкты.
Белгилүү болгондой, актриса 72 жаштагы канадалык рокер Нил Янгдын колун кармап, үлпөт той Калифорнияда өткөн. Дэрил Ханна менен рокер Нил Янг 4 жылдык сүйүү мамилесинен кийин баш кошту.
Дэрил Ханна 1960-жылы 3-декабрда АКШнын Чикаго штатында төрөлгөн. Кичине кезинде бийчи болууну каалап, кийинчерээк актёрлук кесипке кызыгып, өзүн тасма талаасында сынап көргөн. Атактуулукту "Биллди өлтүрүү" фильми алып келген. Жеке жашоосунда баш айланткан сүйүүгө кабылганы менен турмуш куруп, үй-бүлөлүү болууга ашыккан эмес.
Ал эми музыкант Нил Янг 1945-жылы 12-ноябрда Канаданын Торонто шаарында төрөлгөн. Ал 15 жашынан тарта музыка дүйнөсүнө аралашып, группа түзгөн. Жалпысынан 30дан ашуун музыкалык альбом чыгарган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-07-04

19:23
2025-07-02
17:23
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
Farra16gsin

30.08.2018. 09:01
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Убить билла соонун кино
admin_media

30.08.2018. 14:17
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
rustin13, саламатсызбы! Катачылык түзөтүлдү, рахмат.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.