"Бопуш" аты менен элге таанымал болгон актёр Марат Жанталиев Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти наамын алды. Сыйлык алгандардын тизмеси
Өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу боюнча буйрукка кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат кызматы билдирди.
Маалым болгондой, Эгемендүүлүк күнүнө карата өлкөнүн социалдык-экономикалык, маданият жана интеллектуалдык тармактарын өнүктүрүүгө салым кошкон инсандарга сыйлык ыйгарылат. Ардактуу наамдар менен маданият өкүлдөрү, артисттер, мугалимдер, дарыгерлер, юристтер, экономисттер жана айыл чарба кызматкерлери сыйланат. Ошондой эле II, III даражадагы "Манас" ордени, "Даңк" медалы тапшырылат.
Сыйлык алуучулардын арасында депутаттар, чиновниктер жана Апрель окуясынын баатырлары дагы бар.
Бир катар маданият кызматкерлерине "Кыргыз Республикасынын Эл сүрөтчүсү", "Кыргыз Республикасынын Эл артисти", "Маданиятка эмгек сиңирген ишмер" наамдары берилет.
"Кыргыз Эл артисти" наамын алуучулар:
Анаркүл Назаркулова - Т.Абдумомунов атындагы кыргыз улуттук академиялык драма театрынын актрисасы.
"Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти" наамын алуучулар:
Адил Чекилов - "Элес" тобунун продюсери, эстрада ырчысы;
Жылдыз Акматова - Актриса-каскадёр;
Токтобек Асаналиев - К.Молдобасанов атындагы кыргыз улуттук консерваториясынын доценти;
Шахрезада Аскарова - Эстрада ырчысы;
Салима Балтаева - Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын солисти;
Насредин Дубашев - Т.Океев атындагы "Кыргызфильм" улуттук киностудиясынын жогорку даражадагы актёру;
Марат Жанталиев - Б.Кыдыкеева атындагы кыргыз мамлекеттик жаштар театрынын артисти;
Азиз Мурадиллаев - Т.Абдумомунов атындагы кыргыз улуттук академиялык драма театрынын артисти;
Айбек Карымов - "Бейне Групп" компаниясынын жетекчиси, ырчы, обончу;
Канатбек Мамырканов - М.Рыскулов атындагы Нарын облустук музыкалык драма театрынын артисти;
Тургуналы Нурматов - "Кыргызымдын жигиттери" тобунун көркөм жетекчиси, "Бейне-Өнөр" коомдук-кайрымдуулук фондунун устаты, окутуучу;
Мансур Парпиев - Баткен облусундагы А.Жайнаков атындагы музыкалык драма театрынын режиссёр-коюучусу;
Жылдыз Саитова - Ысык-Көл облусундагы музыкалык драма театрынын актрисасы;
Эльмира Сыдыкбаева - А.Малдыбаев атындагы кыргыз улуттук опера жана балет театрынын артисти;
Төрөбек Абдыманап - Ош облусундагы Р.Абдыкадыров атындагы филармониянын этно-фольклордук тобунун артисти.
"Бопуш" аты менен таанылган актёр Эмгек сиңирген артист наамын алды




Сыйлык ээлерине ден соолук.узурлуу эмгек каалайм.
Токтобубу эжекеде барбы бир деме
баштагандардын бири. Убагында популярдуу
болгон. Ал ырдап
чыкканда нанды "нана"
деп жургондор наамдарды
алышты.
сенин дагы менин дагы эжебиз
болот.убагында ,,таазим ,,деген топту
башкарып 90-жылдардан бери талыкпай
иштеп келаткан эже.