super.kg logo

"ВИА Гра" тобунун солисти Анастасия Кожевникованын топтон кете турганы белгилүү болду

 

"ВИА Гра" тобунун солисти Анастасия Кожевникованын топтон кете турганы белгилүү болду. Бул тууралуу ал өзү украиналык басылмаларга билдирген.

"Сентябрь айынан тартып топ менен түзгөн келишимим соңуна чыгат. "ВИА Града" 5 жыл ырдаганым жетиштүү, эми карьерамды жеке ырчы катары улантам" деген ал.

Анастасия Кожевникова

Айта кетсек, Кожевникова ушул жылдын 24-августунда турмушка чыккан. Жолдошу шоу чөйрөсүнөн алыс адам болгонуна карабай, жубайына продюсер боло турганын билдирген.

"Мен шоу-бизнестен бир топ алыс болсом да, Анастасияны өзү каалагандай жылдыз кыла алам" деген ал.

Ал эми топтун продюсери Константин Меладзе солисттин топтон кетүүсүнө эч кандай каршылык көрсөткөн эмес.

"ВИА Гра" тобунун учурдагы курамы 2013-жылы түзүлгөн. Анда "ВИА Грага баргым келет" сынагы аркылуу Миша Романова, Анастастия Кожевникова жана Эрика Герцег топко кабыл алынган. Ал эми ушул жылдын башында Миша Романова топтон кетип, ордуна Ольга Меганская аттуу ырчы кошулган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
03.09.2018. 09:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Настя уну менен суйроп журчу эле бул топту. Эми эмне кылышат? Только Настя жандуу ырдай алчу да. Жеке ырчы болуп чыкса, ийгилик каалайм.
03.09.2018. 20:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
баары жакшы ырдачуу
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: