super.kg logo

"Москвадагы метродо полиция кызматкерин өлтүрдү" деп шектелген кыргыз тектүү жаран Баткен согушуна катышкан эмес

 

"Москвадагы метродо полиция кызматкерин өлтүрдү" деп шектелген кыргыз тектүү жаран Баткен согушуна катышкан эмес. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ош облусунун Кара-Кулжа райондук аскердик каттоо бөлүм башчылыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, шектүү Кара-Кулжа районунун Ылай-Талаа айылынын тургуну болгон.

"Москвада полициянын өлүмүнө шектелип жаткан жаран Баткен согушуна катышкан эмес. Ошондой эле ал аскердик кызмат өтөгөн эместиги да такталды. Биздеги маалыматтар боюнча ал 9-класс кезинде Ылай-Талаа айылынын тургуну катары каттоодо турган. Ошондон башка маалыматтар жок. Бүгүн, 4-сентябрь күнү шектүү тууралуу маалыматтарды тактоо боюнча Орусиянын органдарынан билдирүү келди. Биз аталган айылдын өкмөт башчысына жана айыл башчысына маалыматтарды тактоо боюнча тапшырмаларды бердик. Алар кечке чейин бул жаран боюнча кошумча маалыматтарды беришмекчи", - деди аталган бөлүм башчылыктан.

Белгилей кетсек, Орусиянын Москва шаарындагы метродо 23 жаштагы полиция кызматкерин Орусиянын 43 жаштагы жараны башка атып кеткендиги тууралуу маалымат тарап, окуя 3-сентябрга караган түнү "Курская" станциясында орун алганын орусиялык ЖМКлар жазышкан. Ошондой эле шектүүнүн Баткен согушуна катышканы боюнча да маалыматтарда тарап жаткан.








Москвада полициянын өлүмүнө кыргыз тектүү жаран шектелүүдө

Автор: Кызжибек Раимова
Оператор: Мундуз Нурланбек уулу
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(5)
04.09.2018. 14:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Полиция озун озу аткан окшойт,бул байкуш олтурду болуп калдыда.Полициянын куралын тартып алып атыш учун атайын аскердик даярдык керек
04.09.2018. 14:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Шериктери эле олтургон же озун озу олтургон точно бул эмес.
05.09.2018. 00:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмнеге кабарды дагы "Мурда кыргыз жеринде жашап кеткен" деп жазып койгонсунар!? Этникалык кыргыз, ал дагы жыргап гражданство алган жок, акча которсо эсептеп каласынар мигранттан тушкон акчаны. Башына ушундай иш тушкондо качып калбай жардам бергиле, мумкун адвокат жалдаганга акчасы жок бечара камалып кетпесин! Мамлекеттик адвокат алар эч качан баланы колдоп бербейт. Кебетесинен эле корунуп турат кылмышкер эмес экендиги, видеодо темтендеп аран кетти кантип алы жетсин мас адам физ.кучтуу
05.09.2018. 01:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул олтургон адамга окшобойт, бечаранин орусчасы да аз экен.
05.09.2018. 08:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суротто башка кепка.допросто башка кепка
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: