super.kg logo

"Москвадагы метродо полиция кызматкерин өлтүрдү" деп шектелген жарандын иниси окуянын чоо-жайын айтып берди

 

"Москвадагы метродо полиция кызматкерин өлтүрдү" деп шектелген кыргыз тектүү жарандын иниси Орусиядагы Кыргыз диаспорасынын өкүлү Улан Кошматовго байланышка чыгып, окуя тууралуу айтып берген. Бул тууралуу диаспоранын өкүлү SUPER.KG порталына билдирди.

"Мага анын бир тууган иниси байланышка чыгып, өзү билген маалыматты айтып берди. Анын айтуусунда полиция кызматкери жаш жана спорт менен машыгып жүргөн экен. Андыктан анын агасы полиция кызматкеринен тапанчаны тартып же жулуп алып, баш сөөккө туштап атуу мүмкүн эмес экендигин билдирди. Учурда шектүүгө жардам керек экен. Мен жактоочу таап бергенге аракет кылып жатам", - деди Кошматов.

"Кылмыш ишине шектелип жаткан Нурлан Муратов - Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Ылай-Талаа айлынын тургуну. Ал ошол күнү жумуштан чыккандан кийин достору менен бир аз ичимдик ичип, эс алышкан. Андан соң үйүнө кетүү үчүн "Курская" метросуна түшкөн. Ал жерден шектүү жаранды полиция кызматкерлери токтотуп документтерин текшерген маалда жанында тийиштүү документтери жок болгон. Себеби ал документтерин андан мурун кеткен аялынын баштыгына салып койгон экен. Мындан улам аны полиция кызматкери бөлмөсүнө алып кирип текшерем деп эшиктин жанына тике тургузуп койгон. Полиция кызматкери башка бөлмөгө кирип кеткенден кийин "тарс" деген үн чыккан. Ошол убакта пол жууп иштеген аял полиция кызматкеринин башынан кан куюлуп жатканын көрүп "Тез жардам" кызматына чалыптыр. Ал убакта шектелип жаткан жаран окуяны өз көзү менен көргөндүктөн күнөөлүү болуп калбайын деп коркуп качып кеткен", - деп айтып берген диаспора өкүлүнө анын бир тууган иниси.

Шектүү жаран ошол күнү үйгө келип окуяны айтып берип, эртеси жумушка бара жаткан жеринен кармалган.

"Полиция кызматкерлери шектүүнү Повелецкая жакка барып эскалатордон чыгып баратканда күрмөсүнөн таанып, кармап кетишкен экен. Ал ошол замат Метрополитендин Башкы прокуратурасына жеткирилген. Учурда сурак ошол жерде жүрүүдө. Шектелген жаран окуя болгон күнү кийип жүргөн кийимдерин алмаштырбай эртеси ошол боюнча эле жумушка кеткен. Анын кийген кийимдеринен кандын тактары табылган эмес", - деди Кошматов.

Белгилей кетсек, Орусиянын Москва шаарындагы метродо 23 жаштагы полиция кызматкерин Орусиянын 43 жаштагы жараны башка атып кеткендиги тууралуу маалымат тарап, окуя 3-сентябрга караган түнү "Курская" станциясында орун алганын орусиялык ЖМКлар жазышкан. Ошондой эле шектүүнүн Баткен согушуна катышканы боюнча да маалыматтарда тарап жаткан.



.


кошулду





Москвада полициянын өлүмүнө кыргыз тектүү жаран шектелүүдө

Автор: Кызжибек Раимова
Оператор: Мундуз Нурланбек уулу
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(21)
04.09.2018. 15:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Подстава болуп калды окшойт
04.09.2018. 17:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Nanei,100% подстава мен олтурсом уборщицага айтпай качат элемда менттер бирин бири олтуруп коюшту да башканын мойнуна илип жатат. Антпесе элдин ишеними кетет чондорун иштен алып таштайт.менимче мигрант Ким атканын да коргон болушу мумкун коркконунан айталбай жатат. куру дооматтан озун сакта Аллах.
04.09.2018. 19:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Nanei,полиция бир башта увольнениеге арыз жазган, бул анын акыркы иш куну экен. Самоубийство 100процент. Качып баратып айтыптыр буборщицага олтурсо айтпай качмак.
04.09.2018. 15:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Мен дагы ошентип ойлогом, кейпине караганда алы жетмек эмес тем более мас абалда болсо. Кийимин котормок ошончолук кылмышкер болсо. Полиц кызматкери акыркы куну иштеп жаткан болсо мумкун жумушунда пикир келишпестик болуп бул балага дал келип калган менимче.
04.09.2018. 15:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+26
Жакшы адвокат таап бергиле жардам силерден урматту окулдор, болбосо мойнуна илип коюп баарын жаман корсотуп бир нече жылга камап жибербесин.
04.09.2018. 15:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Эч Ким жардам бере албайт болду мойнуна койот булар пландап козун тазалаган эшектер ичип алганы минус болдуда Алла билет
04.09.2018. 15:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Чындап ушул олтургон болсо туну менен эле тапмак, эртесин кутпой эле. Аткан пистолеттин отпечаткасын алыш керек камераны баштан аяк текшертиш керек.
04.09.2018. 15:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Ошон үчүн ичимдик ичпегилечи суранам силерден бир туугандар. ичимдик ичкен адамдын жашоосунда сөзсүз жагымсыз окуялар болот.
04.09.2018. 15:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ажаатканада!Видеодо ажааткана корсотулуп турат.
04.09.2018. 15:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Подстава эле! ХХХХХХХХХХ кызуу талкку болуптур орустардан
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-09-04 16:15:51
04.09.2018. 16:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Могу коментарийге вообще ичим эзилип калды" Он уборщице сказал, мол там мусор валяется прибери мамбетка побыстрому, чтоб не спалили" деп оздорунун журналистерин шылдыктап, керек болсо сотко бериш керек, убийство точно тастыктала элек "убийца" дегени деп
04.09.2018. 16:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Күчтүү адвокат жалдаш керек
04.09.2018. 16:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Орустар оздору ушундай коментарий калтырыптыр "этот мужик оказался не втом месте, не в тот час. Решили на него повесить убийство.Разве убийца будет сообщать уборщице, что в туалете лежит труп" деп
04.09.2018. 16:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Полиция кызматкери ошо куну акыркы смени экен. Мен ойлоп жатам ошол жердеги эле кошо иштегендери атып койуп бир мигранттын мойнуна коюп жатышат. Ошо баланы кантип кайсы жерден кармаган, камерадан карабайбы, бут жерде камера. Только ошо баланын басканын карабастан. Полиция кызматкери жумушунан эмне себептен чыгып жаткан. Ошону териштиришпейби. Тооба кылдым. Курулай дооматтан Бей ажал олумдон сактасын Кудай. Айтылбай келген кырсыктан сактасын Кудай
04.09.2018. 16:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Кудайым озу колдосун, акталып чыгып кетсин!!!
04.09.2018. 17:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Байкууш пешененер шор экен да акталып чыгышын тилеп дуа кылабыз,корунуп эле турбайбы жузунон адам олтуро албайт бул киши
04.09.2018. 20:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бироонун элинде боойдо кырсыктан, курулай дооматтан сакта Кудайым карапайым элибизди. Ото ичим эзилип турат... Кудай озун акты ак кылып жардам бере кор.
04.09.2018. 22:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эээ туугандар видеону корсонор башындагы кепка башка болуп жатпайбы бул киши аткан эмес 100%.
04.09.2018. 23:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Japarali,кыйраттын
05.09.2018. 10:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
altyn7776,сен эмне бул кишини камалышын каалайт окшойсун эээ тууганым?
04.09.2018. 23:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ал эми Россиянын жарааны, кандай адвокат тапсанар да жардам бере албайт.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: