super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 4-СЕНТЯБРЬ: Бир кездеги курбусу Шахзода атасына экинчи аял болуп тийгенден кийин тагдыр деп моюн сунган өзбекстандык ырчы Лола 33 жашка чыкты

 

Бүгүн өзбекстандык ырчы жана актриса Лола Юлдашева 33 жашка чыкты. Ал 1985-жылы 4-сентябрда Өзбекстандын Ташкент шаарында төрөлгөн. Көбүрөөк Лола аты менен таанымал болгон өзбек ырчысы алгач атактуулукка "Махабатым" ("Моя любовь") аталышындагы ыры менен жеткен. Ошондой эле ал 2001-жылы "Потерялись" ырын ырдап чыгып Өзбекстанга атагы тараган.

Лола өзбек жана орус тилинде ырдайт.

Үй-бүлөсү

Атасы - Равшанбек Юлдашев, энеси - Гүлнара Юлдашева. Лола - бир туугандарынын эң улуусу, иниси - Руслан жана Анора менен Ассал аттуу сиңдилери бар.

Апасы Гүлнара Юлдашева менен

Атасы Равшанбек Юлдашев ырчынын курбусу, кесиптеши болгон ырчы Шахзоданы 2-аялдыкка алган. Ушундан кийин курбулардын ортосундагы мамиле сууй түшкөн. Лола өзбек басылмаларына берген билдирүүсүндө: "Түшүнүксүз жана күтүлбөгөн абал болгонуна карабастан, бул тагдыр экенине Шахзода экөөбүз тең моюн сундук, азыр ал жөнүндө эстөөнүн кереги жок. Өткөн иш өттү, кетти", - деген.

Ошондой эле ал учурда Шахзоданы жакын курбусу катары санай турганын, ал тургай үй-бүлө мүчөсү катары кабыл ала турганын айткан.

Ырчы Шахзода менен Равшанбек Юлдашевдин ортосунда Халид аттуу уулу бар, экөө учурда эки уулду (Шахзоданын биринчи никесинен Салих ысымдуу уулу бар) тарбиялап келет.

Карьерасы

Ырчы кичинекей кезинен тарта ырдоого кызыгып, 11 жашынан тарта сахнага кадам таштай баштаган. Лола 2004 жана 2005-жылдары катары менен мыкты сахна костюму деп тандалып "Тарона" сыйлыгына татыган. Ошол эле жылы (2005) "Тарона" сыйлыгынын "Мыкты ырчы" номинациясын багынткан. Өзбек эстрадасынын эң алдыңкы жылдыздарынын бири катары таанылып, эл оозунан түшпөй, мыкты жетишкендиктерди багынтып турган кезинде сүйүүсүнө жолугуп, капыстан эле турмуш жолуна аттанат. Келечектен көптү үмүттөндүргөн ырчы карьерасын убактылуу токтотуп, 2011-жылы шоу-бизнеске кайтып келген.

2016-жылы "Я вода" ырына дүйнөнүн эң кооз жерлерине барып клип тарттырып, ошол эле жылы АКШнын Нью-Йорк шаарында көрүүчүлөрүнө концерт берген.

Альбомдору

"Кантейин" ("Netayin") (2002), "Махабатым" ("Muhabbatim") (2004), "Бактымды таптым" ("Topdim baxtimni") (2005), "Imkon ber" (2010), "Сага" ("Senga") (2011), "Сагындым" ("Sogʻindim") (2012), "Кел" (2014),

Тасмаларда

Лола ырчылыктан тышкары өзбекстандык режиссёрлордун бир нече тасмаларында образ жараткан. 2003-жылы "Севинч" тасмасына ырчы Шахзода менен чогуу катышып мактоого арзыган, ошол эле учурда сын-пикирлерди айткандар да болгон.

2003-жылы "Севинч" тасмасында Севинчтин, 2005-жылы "Приезжий жених" комедиясында Зейнептин, "Сыйкырчыда" Рухшонанын, "Любовь моя - боль моя" тасмасында Лоланын, "Необыкновенные мечты" фильминде Саманын образын жараткан.

Жеке жашоосу

2005-жылы Шохрух аттуу жигитке турмушка чыгып, ырчы 2014-жылы жолдошу менен ажырашкандыгын массалык маалымат каражаттарына билдирген.

Өзбек маалымат булактарынын жазганына караганда, жолдошу Шохрух 2016-жылы 16-январда башкага үйлөнгөн.

Шохрух менен Лоланын ортосунда бир уул (Шохдиёр), бир кызы бар.

4-сентябрдын жылнаамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(8)
04.09.2018. 20:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Шагзода менен тен болсо демек Шагзода атасы менен тен кишиге турмушка чыккан турбайбы,Шагзодага ОЗУ тендуу бала калбай калыптырбы,болгондода курбусунун атасына турмушка чыкканы акылга сыйгыс жоорук.
04.09.2018. 21:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Eli.91,шахзода 1978жылкы.уулу соноюп калдыго
04.09.2018. 20:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Түшүнгөн жокмун ошондо атасы курбусуна үйлөнүп атабы шахзоданыен супер силер түшүндүрүп жазгылачы
05.09.2018. 00:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Farra16gsin, Лоланын атасы Шахзодага уйлонуптур. Лола менен Шахзода жакын дос экен. Ошондо Шахзода озунун курбусуна огой эне болуп калыптыр
04.09.2018. 20:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Тушунуктуу эле жазылып турат,Шахзода дагы убагында биздин Самара болуп турмушка чыккан да айырмасы Шахзоданын экинчи турмушу,Самаранын биринчи экоо тен аяш атасына турмушка чыккан))
04.09.2018. 21:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Шахзода 78-жылы торолгон.Лола менен сахнадан дос болгон.Лола 85.Лоланын маегин корсонор тушуносунор.
04.09.2018. 21:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
tatynam_88,маегин каяктан коробуз
05.09.2018. 13:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Шахзода Лола Райхон 3су эч карыбас болду. Тескерисинче мурункудан да ачылып сулуу болуп кетишти. Булар мн тен чыккан биздин Роза Шакирова, Салахидинова, Назми Айгеримдер, Бадыевалар уже балпайган чон эне болуп кетишти. Негизи жалкоолоугубуз жада калса сахнадагы ырчылардан дагы байкалат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: