Быйыл Нарын облусунда тоют өткөн жылга салыштырмалуу 335 миң тоннага көп даярдалды
Быйыл Нарын облусунда тоют өткөн жылга салыштырмалуу 335 миң тоннага көп даярдалды. Бул тууралуу бүгүн, 2-июлда өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Канатбек Муратбеков түшүмдү жыйноо боюнча селектордук жыйында билдирди. Айтымында, кышка даярдыктар кийинки жумадан башталат. “Кара-Кечеге барып, даярдык кандай экендигин көрүп келебиз. Бизде башка көйгөй жок. Ал эми тракторлорду лизингге алуу боюнча 20 арыз берилген, алардын 7си тиешелүү техниканы алышты”,- деди Муратбеков.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:55
2025-07-10

Рейтинг:
0

