super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 5-СЕНТЯБРЬ: "Оскар" сыйлыгына бир нече жолу татыган супер баатыр Бэтмен 66 жашка чыкты

 

Бүгүн, 5-сентябрда дүйнөгө "Бэтмен" тасмасы аркылууу таанылган америкалык актёр Майкл Китон 66 жашка чыкты. Ал 1951-жылы АКШнын Пенсильвания штатындагы Кораополис районунда туулган.

Актёрдун өз аты-жөнү Майкл Жон Дуглас болгон. Бирок көпчүлүк белгилүү актёр Майкл Дуглас менен алмаштырып албасын деп өзүнө Китон лакап атын алууга туура келген. Майкл Китондун чоң кинодогу дебюттук ролу 1982-жылы "Түнкү нөөмөт" ("Ночная смена") комедиясында болгон. Ал эми актёрго атактуулукту режиссёр Тим Бёртондун "Битлджус", "В трезвом уме и твёрдой памяти", "Бэтмен" тасмаларындагы ролдору алып келген.

Анын атагы дүйнөгө супер баатыр Бэтмендин образы аркылуу кеңири тарап, жаш жеткинчектердин идеалына айланган. Фильмде баш каарман жарганаттын костюмун кийип кылмыштуулукка каршы күрөшөт. Майкл ошондой эле режиссёр Жон Уоттстун "Жөргөмүш киши: Үйгө кайтуу" фантастикалык тасмасында роль жараткан.

2014-жылы мексикалык кинорежиссёр Алехандро Гонсалес Иньярритунун "Бёрдмэн" аттуу комедиясына тартылып күйөрмандарына жаңыча образ менен тааныла алган. Аталган тасма дүйнөлүк кино сынчылары тарабынан жогору бааланып, актёрдун ролу "Алтын глобус" сыйлыгынын "Эркектин мыкты ролу" наамына, "Оскар" сыйлыгынын " Мыкты фильм" жана "Эркектин мыкты ролу" наамына татыган.

Тасма талаасында жараткан образдары 50дөн ашканына карабастан, актёр бүгүнкү күндө да режиссёрлордун сунуштарынан баш тарта элек.

2017-жылы "Жөргөмүш киши: Үйгө кайтуу" тасмасына тартылып көрөрмандарына тартууласа, учурда 2019-жылы жарыкка чыга турган "Жөргөмүш киши: Үйдөн алыста" аттуу тасмасына тартылууда.

Жеке жашоосу

1982-жылы америкалык актриса Кэролайн Макуильямска үйлөнүп, түгөйлөр 1990-жылы эки ажырым жолго түшкөн.жубайы Кэролайн Макуильямс менен
Жылдыздуу түгөйлөрдүн ортосунда 1983-жылы туулган Шон Дуглас аттуу уулу бар.
уулу Шон Дуглас менен
Шон Дуглас учурда актёрдук кесип менен бирге ырчылык кесипти да аркалап келет.
5-сентябрга карата жылнаама.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: