super.kg logo

Кыргыздын "Киноман" тасмасы Казань шаарында баш байгени багындырды

 
"Киноман" тасмасынын башкы каарманы

Жаш режиссёр Аскар Нуракун уулунун "Киноман" тасмасы Казань шаарында өткөн XIV "Мусулман киносу" эл аралык фестивалында баш байгени багындырды. Бул тууралуу Кинематографияны өнүктүрүү фондунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кинофестиваль 3-сентябрдан 6-сентябрга чейин болуп өткөн. Анда Нуракун уулунун тасмасы "Мыкты кыска метраждуу фильм" номинациясында жеңүүчү деп табылган. Аталган фильм - Нуракун уулунун алгачкы эмгеги. Буга чейин тасма бир катар чет өлкөлөрдө өткөн кинофестивалдарда ийгиликтерди жараткан. Ошондой эле КМШ өлкөлөрүнүн жаш кино жаратуучуларынын "Үмүт" кинофестивалында "Киноман" тасмасы баш байгеге ээ болгон.

Тасмада фильм көрөм деген аракети ишке ашпай калган баланын окуясы чагылдырылган. Кино көрүүгө кирбей калган кичинекей бала тааныш болгон тасмалардын үнүн угуп гана тим болот. Бирок киного болгон кызыгуусу күч болгондуктан бала көздөгөн максатына жетет.

"Мусулман киносу" фетивалы 2005-жылдан бери Татарстандын борбору Казань шаарында өтүп келет.

Фестиваль режиссёр Эрнест Абдыжапаровдун "Саякбай" тасмасы менен ачылып, анын жүрүшүндө улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган иш-чаралар да орун алган.








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: